Аида Салянова, экс-генпрокурор: “Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу бийлик болду, бул талашсыз!”

Экс-генпрокурор Аида Салянованын журналист Бермет Букашевага берген интервьюсунун айрым урунттуу учурларын жарыялайбы:

Бермет Букашева: Сиз Генералдык прокурор катары Бакиев менен Атамбаевди таразага салып, кандай баалайсыз? Бакиев менен Атамбаевдин кимиси элдин алдында көбүрөөк күнөөлүү? Биринчисин биз соттодук. Атамбаевдин экс-президенттик кол тийбестигин алып салып,   сотко жеткире алабызбы? Бүгүнкү чуулгандуу кылмыш иштерин иликтөөнүн издери Атамбаевге алып барат го…

Аида Салянова: Экс-президенттин кол тийбестиги деген бул юристтер үчүн чоң проблема эмес. Кыргызстандын конституциясы боюнча мыйзам алдында баары бирдей жооп берет. Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги деген норма жок. Бирок, “Президенттин ишмердигинин кепилдиги” деген мыйзамда экс-президент тууралу норма бар. Анда Конституцияга карама каршы келген – экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө норманы киргизип коюшкан. Бирок мыйзамдардын иерархиясы боюнча  Конституция мыйзамдан жогору турат жана конституция менен мыйзамдын нормалары карама-каршы келген учурда Конституциянын нормалары иштеп, мыйзамдын нормалары иштебей калат. Конституция иштеш керек. Бул мыйзам иштеш  үчүн бизде атайын орган – Конституциялык палата бар.  Конституциялык палата буга чекит коюш керек.

Бермет Букашева: Жеке сиз үчүн Бакиевдин бийлигине караганда Атамбаевдин бийлиги начар жана коркунучтуу, кылмыштуу болду…

Аида Салянова: Мен аларды салыштырбай туруп эле айтайын, Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу бийлик болду, бул талашсыз! Эми Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу экенин укук коргоо органдары далилдеп чыгышы керек.

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу