АИДА САЛЯНОВА УРАНДЫН ЗЫЯНДУУЛУГУН АЙТЫП, АНДАН КЕЛИП ЧЫККАН ООРУЛАРДЫ АТАДЫ

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова уран кенин казуу боюнча ал өзүнүн оюн социалдык баракчасына жазды. Салянованын билдирүүсүндө, кенен коомдук талкуулардан кийин кана гана чалгындоо иштерине уруксат берилиши керек болчу. Ал жазган текстти толугу менен беребиз:

УРАН ЖӨНҮНДӨ…

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык:

Ар ким өмүрү жана ден соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө укуктуу (48- берене).
Аны камсыз кылуу мамлекеттин талашсыз милдети.

Адамга, жаратылышка, ондурулгон продукцияга кандай зыян болот так эсеп ачыктала элек. Кенен коомдук талкуулардан кийин кана чалгындоо иштерине уруксат берилиши керек эле. Кара-Балта комбинатына жеткируу процессинде техникалык коопсуздук маселеси кандай чечилет, коррупциялашкан өлкөдө уран чыгаруу технологиясын контролдоодо коррупция болбойт деп кепилдикти ким берип, ким керт башы менен жооп берет? Биринчи ушул суроолорго жооп табылышы керек.

Ачык булактардан алган маалыматка ылайык Кызыл Омпол айылдык аймактан 4 000 гектар жер иштетүүгө берилиши мумкун. Темир жол менен урандын концентраты Кара-Балта комбинатыга жүктөлүп келээри айтылат. Чалгындоо иштерине ЮрАзия компаниясы 2852-МР лицензиясын 18.11.10ж-дан 18.11.12 чейин; 13.01.16 ж-дан 31.12.20 чейин узарткан). Бугунку кунго чейин компания 271 млн сом жумшаган.

Чалгындоо иштерине ылайык урандын запасы 3,5 миң тонна. Радиоактивдүү масса жердин алдында 25 метрлик жерде. Демек, казуу иштеринде экологияга зыян болоору адис эместерге деле белгилуу. Балыкчынын шамалын эске алганда радиациянын тез жана алыска тарашы бештен белгилүү.
Урандан болгон радиация бөйрөк, онкология, кан оорулары, нерв системасынын жабыркашына (дцп) алып келет.

Суйлошуулорго ылайык долбоор 25 жылга пландаштырылган.

Бул долбоор эч кимге аброй алып келбейт!
Чалгындоого берип коюп анан ООН дон кантип ушул маселени көтөрүп чыктык экен?!

БУЛАК:eldik.media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу