Аида Салянова судьяны «айбан болбоңуз, энеңизди уят кылбаңыз» деп катуу какты…

Аида Салянова сотко: «Саясий буйрукту аткарам деп энеӊизди уят кылбаӊыз»

Парламенттин депутаты Аида Салянова 13-июлда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча сот отурумунда күбө катары көрсөтмө берди. Салянованын көрсөтмөсү буга чейинки күбөлөр Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев, Данияр Нарымбаевдикинен айырмаланган жок. 2010-жылдын 13-майында Текебаев эртеӊ менен «Хаят» мейманканасында тегерек столго, түштө Убактылуу өкмөттүн жыйынына, кечке маал «Ак Кеме» (мурдагы «Пинара») мейманканасында Конституциялык кеӊешмеге катышканын ырастады. Суроо-жооп бүткөндөн кийин депутат сотко төрагалык кылуучу сот Айбек Эрнис уулун адам бойдон калууга чакырды.

«Ар бир эненин тилеги болот, баласынын жакшы болушун каалайт. Урматтуу сот, сизге айтам адамды айбандан айырмалап турган нерсе — адамдын позициясы. Саясий буйрукту аткарып, адамдыктан чыгып калбаӊыз. Энеӊизди уят кылбаӊыз», — деди Салянова.

Бул сөздөр айтылып жатканда сот Айбек Эрнис уулу Саляновага өз алдынча сүйлөөгө укугу жок экенин эскертип жатты.

2010-жылы 21-декабрда Текебаев ишке чыкпаганын экс-депутат Асия Сасыкбаева да айтты

Бүгүн, 13-июлда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун сот ишинде Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Асия Сасыкбаева көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын 21-декабрь күнү депутат Текебаев иш бөлмөсүндө болбогонун айтты. “Биз партиялаштар Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү менен куттуктайлы деп иш ордуна барганбыз. Бирок ал кабинетинде жок экен. Күндүн биринчи жарымында барганбыз. Бирок ал күнү Текебаев жумуш күнү бүткөнгө чейин келген жок. 22-декабрь күнү фракциянын жыйынына келип, кыска убакытка жыйынга катышып кайра кетти”, — деди Сасыкбаева.

Сайдулла Нышанов: «2011-жылы Өмүрбек Абдрахманов Текебаевден өч алуу үчүн баарына даяр болчу»

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдун сотунда «Ата Мекен» фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов күбө катары көрсөтмө берди.

Ал Текебаев менен Абдрахмановдун мамилеси 2011-жылы бузулганын айтты. «Башында Өмүрбек Абдрахманов менен Текебаевдин мамилеси абдан жакшы болчу. 2011-жылы булардын мамилеси өтө тез бузулду. Негизи мындай, Абдрахмановдун уулу убагында Максим Бакиев менен бизнес жасап иштеген. Мен Текебаевге Өмүрбек Абдрахманов менен жакын болуу жакшы эмес экенин айтсам, Текебаев мени жаман көрүп калды. 2012-жылы ал фракциядан чыгарылган. Абдрахманов андан кийин парламентте сөз сүйлөй албай жөн эле отуруп калды. Ошол учурда Абдрахманов Текебаевден өч алуу үчүн баарына даяр болчу», — деди Нышанов.

Ал эми Текебаев күбө Нышановдун сөзүн бекемдеди. «Абдрахмановду партиялаштар колдобой, менин колдоом менен шайлоодо тизмеге кирди. Абдрахманов саясий көз карашта АКШны жактап туруп алды. Манасты жамандап, Таластан нааразылар келип, анын атынан мен кечирим сурадым. 120 миң сомдук диванын миллион сомго баалап Жогорку Кеңешке алып келип койгон. Мен аны айтсам, бул бизнес дейт. Ошондон улам биз Абдрахмановду 2012-жылы 17-март күнү партиядан чыгарганбыз», — деди Текебаев.

Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу