Аида Салянова: «Мен соттук отурумдар мынчалык келесоолук деңгээлге чейин жетээрин билгенде…»

15-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынан депутаты Аида Салянованын иши каралды.

Отурумдун жүрүшүндө Салянова тергөөдө «Алексей Елисеевдин лицензиясын узартууда анын соттолгондугу тууралуу маалым кат болгон» деген көрсөтмөсү боюнча түшүндүрмө берди.

Жактоочу Улан Жумаков Саляновадан: “Сиз тергөөдө көрсөтмө берип жатып Елисеевдин документтеринин арасында анын соттолгону тууралуу маалым кат бар эле депсиз. Бул нерсени кандай түшүнсөк болот?”, — деп сурады.

“Андан бери көп убакыт өттү, мен азыр ошол тергөөнү так эстей албай жатам. Андан сырткары мен жактоочулардын иши боюнча өтө тереңден билбейм. Бирок мен орун басарым Жылдыз Мамбеталиеванын Елисеевдин лицензиясын узартуу боюнча баары так, эч кандай маселе жаралбайт дегени эсимде”, — деди Салянова.

Ушул учурда сот башка суроо берүүгө аракет кылып, Салянова андан ал жооп берип жатканда үзгүлтүккө учуратпоону суранды. Натыйжада сот менен жактоочунун ортосунда кайым айтышуу орун алып, кийин Салянова сөзүн улады.

“Мага тергөөчүлөр ушундай маалым кат бар дешсе, алар айтса демек бар экен деп, алардын суроосуна «ооба» деп жооп берип коюшум мүмкүн. Мен соттук отурумдар мынчалык келесоолук деңгээлге чейин жетерин билгенде адистер менен сүйлөшүп тактап, даярданып алмакмын”, — деп кошумчалады Салянова.

Аида Салянова көрсөтмө берип жатып, эгер ал Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгондо анда мыйзам бузуу болмок экенин айтты. “Мыйзамга ылайык, Елисеевдин лицензиясынын мөөнөтүн узартууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Тескерисинче, эгер биз ошол учурда Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгон болсок анда мыйзам бузулмак”, — деди Салянова.

Андан сырткары ал жактоочунун “Елисеевдин лицензиясын узартууда башка адамдар менен кеңешип чечим кабыл алдыңыз беле?” деген суроосуна эч ким менен кеңешпегендигин айтты. «Мен юстиция министри болгон учурда орун басарым Жылдыз Мамбеталиева менен гана аталган чечим боюнча талкуулагам» деп кошумчалады Салянова.

Булак: ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу