Аида Салянова кайсы ооруканада дарыланып жаткандыгын прокурорлор текшерет. Соттук отурум дагы жылдырылды

Аида Салянова ооруп, ооруканада жатып калгандыгына байланыштуу бүгүнкү сот отурумуна келген жок. Бул тууралуу анын жактоочусу SUPER.KG’ге маалымдады.

Анын айтымында, бүгүнкү сот отурумуна Аида Салянова келе алган жок.

«Салянова ден соолугу начарлап Чүй облустук ооруканасына жаткан. Салянованын ооруп жаткандыгы тууралуу маалымкатты сот отурумуна ала келгенбиз», — деп билдирди ал.

Соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова Аида Салянованын сот отурумуна келбей жаткандыгын аныктоо үчүн саат 9:00дөгү сот отурумун бүгүн саат 14:00гө жылдыруу чечимин кабыл алды. Ага чейин прокуратура Салянованын кайсы ооруканада, кайсы дарттын негизинде дарыланып жаткандыгын аныкташат.

Автор: Мундуз Нурланбек уулуБУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу