Аида Салянова: «Иним жанымда болгондо кошо толкунданып турат эле»

Мурдагы башкы прокурор, мурдагы юстиция министри, экс-депутат Аида Салянова бүгүн мен үчүн өтө маанилүү күн деп билдирүү калтырган.

Балдардын берилүү менен «Керек болсо өмүрүмдү аябоого ант берем» деген сөздөрүн ар бир аткаминээр жүрөгүнөн өткөрүп, өзү үчүн эмес, мамлекет үчүн, ушу балдардын келечеги үчүн кам көрүүсү шарт.

«Инимдин уулу. Менин уулум. Иним болгондо жанымда кошо толкунданып турат эле. Кудайым, өзүңө аманат кылдым»- дейт, экс-башкы прокурор.

Эскерте кетсек, Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн, атып кетишкен.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу