Аида Салянова: «Инимдин өлүмүндө саясий себеп бар»

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова инисинин өлүмүндө саясий себеп бар экенин билдирди. Бул тууралуу депутат “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында маалымдады.

Маалыматка караганда фракциянын жыйынына күч органдары чакырылган. Бирок алардын келбегенине нааразы болгон Аида Салянова инисинин өлүмү тууралуу иликтөө иши жарым жартылай жүрүп жатканын айткан.

Ал эми, тергөө тобунун жетекчиси Сүйүнбек Аблатов шектүүлөр бар экенин, бирок алардын аты-жөнү ачык айтылбай турганын билдирип, кылмышты каракчылык деп атоого божомол бар экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр үйүнөн атып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу