Аида Салянова, ЖК депутаты: “Алсыз бийликтин учурунда көптөгөн коркутуу-үркүтүүгө карабай деле иштегем

Учурда Жогорку Кеңештин атамекенчи депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотто каралуу алдында турат. Тергөө иштери жана ошондой эле соттук териштирүүдөн кийинки чечимдерге карата Аида айымдын даярдыгы туурасында суроо узаттык.

-Бийлик менин кыймыл-аракетимден кылмыш тапканга чоң күч жумшады. Анысынан майнап чыкпаганда ачык фальсификация жолуна түштү. Бул укуктук мамлекет курабыз деген коомго кылмыштуу прецедент. Мен кайсы убакта, кайсы жерде болсо дагы менин кыймыл-аракетим мыйзамдуу болгонун тастыктай алам. Мыйзамдан дагы жогору турган абийирдин соту, Кудайдын соту бар. Ал сотту эч ким алдай албайт. Салянова күнөөлүү деп Башкы прокурор айтса эле күнөөлүү болуп каламбы?! Мага элдин баасы маанилүү. Ал үчүн мен кимге болсо дагы актыгымды далилдеп берүүгө даярмын.

Салянова мыйзамды бузуп лицензия даярдагыла деген бир көрсөтмө жок. Тескерисинче, «буйрукту биз даярдаганбыз, баары мыйзамдуу болгон, Елисеевге чейин деле башка адвокаттардын лицензиялары ушу сыяктуу жандандырылган» деген министрликтин кызматкерлеринин берген көрсөтмөлөрүнө карабай, ишти сотко өткөрүү алдында турушат. Мындай көрсөтмөлөрдү көп жылдар бою иштеген катардагы адистен баштап ошол багытты тейлеген министрдин орун басары берип жатышат. Бир гана нерсе министрдин орун басарын мажбурлап калп айттырышкан. Лицензия мыйзамдуу жандандырылган, бирок министр саясый чечим кабыл алыш керек болчу деген. Мындай көрсөтмөнүн өзү мыйзамсыз. Биринчиден бул калп, буйрукту ал өзү мыйзамдуу деп даярдап келген. Экинчиден кайсы мыйзамда Юстиция министри саясый чечим кабыл алат деп жазылган? Ал тек гана мыйзамга баш ийиш керек!

– Кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөнү жатыптыр. Сиздин оюңузча сот кандай чечим чыгарышы мүмкүн деп ойлойсуз? 

– Бүгүн соттор толугу менен Президентке көз каранды. Ага акыркы жылдардагы бир нече соттук процесстердин жыйынтыгы күбө. Мен иллюзия менен жашабайм. Эгерде сот адилетсиз чечим чыгара турган болсо мен таң калбайм.

– Эгер сот сизди камакка алуу чечимин чыгарса ошого даярсызбы?

-Башкы прокурор болуп 2011-жылы дайындалгандан тартып эле мен маңдайга жазылган сыноонун баарына даярмын. Ал кезде алсыз бийликтин учурунда көптөгөн коркутуу- үркүтүүгө карабай деле иштегем. Адам эмнеден коркуш керек? Камактан эмес, Кудайдын каарынан, ак жерден күйгүзүүдөн, жалаа жабуудан коркуш керек. Мунун жазасы катуу болот.

– Сыртка чыгып кетүү планыңызда жокпу?

-Жок. Башынан эле айтып келем бул жерде кача тургандай эч нерсе жок. Мыйзамдуу иш кылгам деп качмак белем. Тескерисинче, ар бир койгон айыбын далилдүү четке кагам. – Эгер бийлик тарап сизди сүйлөшүүгө чакырса даярсызбы? -Сүйлөшүүгө барсам мурун эле бармакмын. Кылмыш ишин козгоо бул сүйлөшүүгө барбагандын жыйынтыгы.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу