Аида Салянова: «Биз ар дайым даярбыз!»

– Аида айым, Өмүрбек Текебаевдин соту эмнеге жылып кетти?
– Жогорку соттун коллегиясы түрмөдөгү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча отурумун 3-майга белгиледи. Себеби, ишке катышып жаткан прокурор материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга убакыт суранган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырды.
– 3-майда Текебаев акталабы?
– Кандай гана адам болбосун ал үмүт менен жашайт го негизи. Биринчиден, бул мыйзамдын талабы, билесиз. Экинчиден, элдин талабы. Баарыбыздын эле үмүтүбүз ушу келаткан 3-май күнү жакшы чечим чыкса деген тилек.
– Улам-улам жылып кетип атат…
– Андай да болушу мүмкүн.
– Дагы жылып кетсе баарына даярсыңарбы, митинг болбойт окшойт?
– Биз ар дайым даярбыз. Ооба, коллективдин атынан Алмамбет Шыкмаматов «митинг болбойт» деп коомчулукка билдирүү кылды. Ал маселе күн тартибинен алынды.
-Менде бир суроо бар, юрист катары айтсаңыз, Мурат Суталиновдун абалын билсеңиз керек, ушу боюнча оюңузду уксак?
– Сиз биринчи журналист болуп атасыз, генерал Мурат Суталинов боюнча суроо берген. Менин угушум боюнча, болгон материалдарды адвокаттар сотко тапшырып берген. Ал киши рактын акыркы стадиясы менен ооруп атканы элдин баарына белгилүү. Эгерде ошондой материалдардын баары сотко берилген болсо, мыйзам аны бошотконго жол берет. Жөн эле бошотпой, токтоосуз бошотулуусу абзел. Анткени өкмөттүн токтому бар. Ал жерде кайсы оорулар болгондо бошотсо болору кашкайып жазылып турат. Ал тизмеде рак оорусу да бар. Буга чейин сот кайсы себептерден улам, эмне үчүн бошотпой улам жылдырып атканы мен үчүн түшүнүксүз.
– Соттор эмне үчүн кечеңдетип атат?
– Тилекке каршы, соттор коркок келет. Өзулөрү саясый жоопкерчиликти алганды билбейт. Ал кишини куткарып койсо, «ошол эле Апрель окуясына катышкан, ошол эле өлгөн балдардын туугандары эмне дейт?» деген кылчактоо болуп атса керек. Негизи мыйзам менен чечим чыгарылыш керек!
Сурат Жылкычиев
Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу