Аида Салянованын соту 8-майга калды

Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын Жогорку сотто бүгүн карала турган иши 8-майга калды. Буга Салянованын адвокаты ооруп келбей калганы себеп болду. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган») айып тагылган.

«2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү деген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Экс-депутат бул соттук ишти «саясий буюртманын» негизинде козголгон деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу