Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун сөөгү 8-ноябрда жерге берилет. Бул тууралуу Аида Салянованын жактоочусу Улан Жумаков массалык маалымат каражаттарына билдирди.
Жумаковдун айтымында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында болот.
Эскерте кетсек, 6-ноябрга караган түнү Бишкектеги Көк-Жар конушунда белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен. 42 жаштагы маркумдун артында 2 баласы калды.
Булак:Каганат.