Аида Касымалиева: эркек депутаттар көп аялдуулукту колдойбуз дешти

Белгилей кетсек, дин аалымы Чубак ажы экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан болчу.

 Бүгүн эртең менен айрым эркек депутаттарга барып көп аялдуулук боюнча сүйлөйсүздөрбү десем «жок, биз муну колдойбуз» дешти. Бирок аны ачык айтпай жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн кереге кеңеште билдирди.

«Анда мыйзамды көзөмөлдөп эмнеге отурасыңар дедим. Алар трибунадан чыгып 153-беренени алып салалы деп ачык айтуудан да, көп аялдуулукка каршы чыгуудан да коркушууда. Себеби алар кадыр-баркына доо кетет деп чочулап жатышат. Кептин баары көмүскө макулмун деп ачыкка чыкпай жаткандарында болуп жатат», — деди ал.

Касымалиева бул окуя боюнча муфтият дагы расмий билдирүү жибериши керектигин айтты.

Ал ошондой эле экинчи аял алууга уруксат берүү менен сойкулукту жоюп жатабыз деген айрым түшүнүктөр туура эместигине токтолду.»Баары экинчи аялдыкка жаштарды алат. Улуу аялдарды алганын көргөн эмесмин. Чубак ажы деле анда 50 жаштагы аялды албайт беле. Экинчи аялдыкка алууга уруксат берүү менен сойкулукка каршы турабыз деп жатышат. Бирок ажырашканда ал аялдар көчөдө калып жатпайбы?» — деп эл өкүлү суроо салды.

Белгилей кетсек, дин аалымы Чубак ажы экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан болчу. Аалымдын бул кадамы социалдык тармакта кызуу талаш-тартышка жем таштаган эле.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу