Аида Касымалиева: Мурунку министр документтерди жок кылууга аракет кылууда

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мурунку башчысы Таалайгүл Исакунова министрликке дагы деле барып жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Аида Касымалиева билдирди.

Депутатта Таалайгүл Исакунованын кызматтан кеткенден кийин деле министрликке баргандыгы тууралуу далилдер бар. Айтымында, мурунку министр кызматкерлерди кызматтан кетирүү тууралуу жарлыкка кол коюп, жалпы бөлүмдөн документтерди сураган.

«Ал социалдык коргоо башкармалыгынын башчыларын чакырган. Маселе акчаларды үнөмдөөгө байланыштуу. Ооз эки түрдө сүйлөшүүлөр болгон, ага ылайык жөлөк пулдан үнөмдөлсө ал каражатка 59 унаа сатылып алынмак. Бул кордук, айрыкча жөлөк пул жетпей жаткан маалда. Райондор квотаны 240 миң сомдон жогору көтөрбөшү керек деген буйрук да болгон», -деди депутат.

Бир күн мурун бул маалымат өкмөттүн аппаратында каралган. Депутаттын пикиринде, мурунку министр документтерди жок кылууга аракет кылып, ооз эки буйрук тууралуу айтып жибербесин деп кызматкерлерге алдын ала эскертүү берүүдө.

Булак: 24.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу