Аида Касымалиева вице-спикер болуп шайланды

Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматына КСДП фракциясынан Аида Касымалиева шайланды. Анын талапкерлигин депутаттардын 91и колдоду, 16 киши каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү аркылуу өттү.

Буга чейин 14-декабрда КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, ушул орунда иштеген Асел Кодуранованы кызматтан алган. Бул сунушту көпчүлүк депутаттар колдоп беришкен.

Жогорку Кеңеш төрагасынын эки орун басары бар. Анын бири — “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу