АИДА КАСЫМАЛИЕВАГА ООМАТ КЕЛДИ

Икрамжан Илмиянов жана Абдыманап Кутушев КСДП партиясынан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгуу үчүн арызын жазышты. Мындай маалыматты ММКга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ачыктады. Ал талапкерлердин арызы келе жаткан жумада БШК мүчөлөрүнүн жыйынында караларын, азырынча чечим кабыл алына электигин айтты. КСДП партиясынын тизмегинде Икрамжан Илмиянов жана Абдыманап Кутушев 50 жана 51-катарда турат. Аталган фракциядан депутат Узарбек Жылкыбаевдин башка кызматка кеткенине байланыштуу, депутаттык кезек Икрамжан Илмияновго келмек. Бирок эки талапкердин арызын БШК канааттандырса, тизме боюнча кезек 52-саптагы Аида Касымалиевага келет.

Булак :asianews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу