Аида Исмаилова, ЖК депутаты: «Балдардын мурдунан кан ага баштаптыр»

— Аида айым, баткендик балдардын эмдөөдөн кийин абалынын начарлаганына байланыштуу вакциналардын, дары-дармектердин сапаты, каттоосу тууралуу маселе көтөрүп чыктыңыз эле. Аягына чыга алдыңызбы?

— Ооба, жакында эле Баткенде 73 бала дифтерия жана шал оорусуна каршы эмделип, алардын 12синин абалы начарлап, реанимацияга түшкөн окуя баарыбыздын эсибизде. Мындан улам, Кыргызстанда вакциналарды каттоо кандайча жүргүзүлө тургандыгы суроо жаратты. Анткени, мен билем, дары-дармектерди каттоо мыйзам чегинде жүргүзүлбөйт. Демек, вакциналар да катталбайт. Мен бул тармакта бир нече коррупциялык схемаларды алып чыккам. Алардын бири — саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек
департаментинин лабораториясында дарыларды экспертизадан өткөрө турчу жабдыктар жок. Ошол себептен экспертиза жүргүзүү ишин келишим түзүп, жеке менчик компанияга өткөрүп берген. Биринчи кезекте бул жерде сатып алуу мыйзамы бузулган. Бул иш боюнча карап чыгуусун айтып, башкы прокуратурага тапшырма бергем. Жооп жок. Өкмөткө да кагаз жүзүндө сунуш-талап жибергем. Жооп да ала элекмин, аткарылган да жок.

— Көлдөгү уран кени казыла турчу жерге барып келдиңиз. Эл эмне деп жатат?

— Кызыл-Омполго барып келдим. Жергиликтүү эл менен жолуктук, алардын үнүн уктук. Уран казылса, элге, тукумга эле эмес, жергиликтүү элдин жашоосуна кедергисин тийгизери бышык. Казылбай жатып, аймактын экономикасы
түшө баштады. Өрүк бышкан маалда сатып алып кетчүлөр ушул убакта келип, алдын ала акчаларын таштап кетишчү экен. Азырынча алардын бири келе электигин айтышты. Алма, картошка дагы ошол акыбалда. Урандын кесепетинен элдин жашоосу токтоп жатат. Өкмөт бул жагын ойлонушу зарыл.

— Аймактагы тургундардын да ден соолугуна зыян келе баштаганы айтылып жатат…

— Уран кенине жакын жердеги жаш балдардын мурдунан кан агып жаткан учурлар бар экен. Ооруканага барышса, «кан басымы жогорулаган» деп жолго салып жатышыптыр. Муну көзөмөлгө алуу керектигин саламаттык сактоо министрлигине айттык. «Жакшы иштеп жатабыз» деген өкмөт ушул көигөйлөрдү жөнгө салышы зарыл.

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу