Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аз кыймылдоо канчалаган адамды өлүмгө алып келери жөнүндө маалыматын жарыялады. Алардын маалыматы боюнча, аялдардын 32 пайызы менен эркектердин 23 пайызы өтө эле аз кыймыл-аракетте болушат экен.
Мындай жашоо салты өнөкөт ооруларды күчөтүп жиберет. Ондогон жылдан кийин физикалык активдүүлүктүн жетишпестигинен көз жумгандардын саны 1,4 – 1,5 млрд адамга жетиши мүмкүн. Алардын ичинде өнүккөн өлкөлөрдүн жашоочулары көп болот.
БУЛАК:zaman.kg