Аз калориялуу диетанын дагы бир пайдасы…

Мэриленддеги (АКШ) Говард Хьюз атындагы медицина университетинин окумуштуулары аз калориялуу диета экинчи типтеги кант диабетинин симптомдорун жоёт деген кортунду жасашты. Бул тууралуу “Science Alert” маалымат булагы маалымдайт.

Изилдөөдө кандын курамында кант көп, тактап айтканда гипергликемия менен ооруган чычкандар пайдаланылган. Анда көмүр суусу аз тамактарды жеген чычкандын канынын курамында глюкозанын деңгээли тез төмөндөгөн.

Изилдөөчүлөр муну кемирүүчүлөрдүн боорундагы бир нече механизмдин жумушунун натыйжасы деп түшүндүрүштү. Диета глюкозага айланган шлактаттарды, амин кычкылын, гликоген жана майды азайткан. Ошондой эле, үч күн ичинде боор тканынын сезимталдуулугу да жогорулаган.

Окумуштуулар эми аз калориялуу тамактануу изилдөөсүнө бир нече адамды катыштырып, ушул натыйжаны далилдешмек.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу