Индонезиядагы жайкы Азия оюндарынын алкагында 69 кг салмакка чейинки эркектер арасында оор атлетика боюнча мелдештер аяктады. Анда медаль үчүн күч сынаша турган 18 спортчу 2 топко бөлүнгөн.
В тобунда 8 спортчу чыгып, алардын арасынан индонезиялык Дени Дени 318 кг менен эң алдыңкы сапка жазылды.
Ал эми А тобундагы 9 спортчу күч сынашып, алардын арасында 2016-жылы Азиянын чемпиону болгон кыргызстандык Иззат Артыков да болду.
Жулкуп көтөрүүнүн жыйынтыгы менен А тобунда Чол О Канг лидерлик кылса, Триятно 2-орунга, Иззат Артыков 3-орунга жазылган.
Ал эми түртүп көтөрүүдө И.Артыков алгач 178 кг, андан кийин 183 кг көтөрдү. Бирок 3-жолку аракет ийгиликсиз болуп, жыйынтыгында 330 упай менен коло медалга татыктуу болду.
Булак: Турмуш