Кырчын жайлоосунда казактын сууруп салма акындары менен айтыша турган кыргыз төкмөлөрү тандалды (тизме)

Кечээ, 15-августта «Манас» кинотеатрында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык «Айтыш-2018» төкмө акындардын сынагына тандоо туру орун алды.

Аталган сынакка катышуу үчүн келген акындардын саны 32ге жетти. Алар чүчү кулак тартышып 16 жупка бөлүндү. Бул ирет айтышка катышкандардын арасында аймактан келген жаш акындардын саны көп болду. Ошондой эле кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал болуп калган Идирис Айтибаев, Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Асылбек Маратов, Кубат Тукешовдор катышты.

Төкмөлөрдүн чечендик өнөрүнө, ырларынын уйкаштыгына маанилүүлүгүнө куудул Күмөндөр Абылов, жазуучулар Кыялбек Урманбетов, Акбар Рыскулов, манасчы Рыспай Исаков баш болгон калыстар тобу саресеп салып, өз бааларын берип отурушту.

Ар бир жупка айтышуу үчүн 10 мүнөт убакыт берилди. Бул убакыт ичинде акындар эл менен амандашып, азыркы учурда өлкөбүздө болуп жаткан көйгөйлөрдү көзү менен көрүп, көөдөнү менен туюп ырдаганга жетишти. Ошондой эле акындар көчмөн кыргыздын тарыхынын таасын учурларын айтып өтүштү.

Жыйынтыгында 32 акындын ичинен 8 акын иргелип чыкты. Алар:

1. Асылбек Маратов — 80 упай;

2. Кубат Тукешов — 80 упай;

3. Баян Акматов — 78 упай;

4. Идирис Айтибаев — 77 упай;

5. Жылдызбек Төрөканов — 77 упай;

6. Амантай Кутманалиев — 76 упай;

7. Азамат Болгонбаев — 76 упай;

8. Изат Айдаркулова — 76 упай.

Булак: Super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу