Азиялык кыздардын сулуулук сыры…

Азиялык кыздардын сулуулук сыры көрчүлүктү кызыктырып келет. Корей косметикалары бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болуп жаткан учуру. Япон калкы жыл сайын түрдүү жаңылыктарды ачып косметиканын түрүн чыгарып келет. Бүгүн биз сиздерге азиялык кыздардын сырын ачып беребиз.

Акупунктура бул – тиш-жаак тараптагы чекиттерди ийне менен дарылоо. Бул ыкма өзгөчө кытайлыктардын салттуу медицинасында кенен колдонулат. Анын натыйжасында ооруган организм жакшырып, тери да калыпка келет. Керек болсо майда тырыктар менен тери ооруларынан калган тактар да жоголот экен.

Көк чай

Кытайлыктардын чайды көп ичээри белгилүү. Салттуу медицинада теринин оорулары үчүн түрдүү чөптөрдүн кошулмалары көп колдонулат. Ал эми алардын ичинде эң көп колдонулганы жөнөкөй эле көк чай. Бир нече чыны көк чайды күн сайын ичип жүрсөңүз териңизди нымдаштырып, жакшы болуп калганын байкайсыз.

Куркума

Ашкана бөлмөсүндө көп пайдаланган татымал, аш үйдүн кожейкелерине сулуулук үчүн да колдонсо болот экен. Кытай аялдары куркуманы жалаң гана тамакка эмес, бетке арналган маскаларга да кошушкан. Ал кан айланууну жакшыртып, бет терисине жаңы өң берет.

Куркумадан даярдалган маска: Жарым чай кашык куркумага 2 аш кашык ун менен 2 аш кашык сүттү аралаштырып даярдайсыз. Аны бетке сүйкөп, 15-20 мүнөттөн кийин жууп таштоо керек.

Күрүч суусу

Күрүчтүн суусун чыгыштын аялдары терини агартуу үчүн колдонушат. Курамы Е витаминине бай күрүч суусу картаюга тоскоол болуп, беттеги бырыштарды азайтат. Андан дардалган маска бетти күндүн терс таасиринен коргойт.

Күрүч суусунан даярдалган маска: 3 аш кашык күрүчтү кайнатып, суусун өзүнчө бөлүп алыш керек. Ал сууга бал менен сүт кошуп бетке сүйкөйсүз. Толугу менен кургаганча күтөсүз да, артынан күрүчтүн суусу менен чайкап таштоого болот.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу