Азимбек Бекназаров Эмилбек Каптагаевди “үйүрүнөн” көргүсү келбейт.

Саясатчылардын  ичине ээр токумдуу ат батмак турсун  кээде таруу деле айланбай калат. Эми кыргыз мамлекетинде батперектей эле айланып жүргөн элүүгө жетпеген атактуу саясатчылар бар. Эгерде андан көп болсо эмне үчүн сегиз жыл мурда Убактылуу өкмөттүн катарына ондон ашуун гана  билерман   кошулду. Ошолордун башына  эркек аттуулардын баары коркуп келбей койгондо Роза Отунбаева  чечкиндүүлүгүн айгинелеген. Туура эле кылыптыр, болбосо бир жарым жылга өлкөнүн башчысы катары тарыхта калмак эмес. Ал тургай 80 миң сомдук пенсияга илинбей калмак.  Кандай болгон күндө да анын даражасы ошол эле Бекназаровдукуна, Текебаевдикине, Эркебаевдикине, Дүйшөбаевдикине,Сариевдикине, Ибраимованыкына  караганда жогору деп койсок адилеттүү болот. Кандай болгон күндө да оор кырдаалда башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен кеңешип,таңашып иш жүргүздү. Зарылчылык келип турганда Курманбек Бакиевди аман-эсен Белоруссияга жөнөтүүгө салымын кошту Нураке экөө.  Демек, Бакиев Роза апчебиздин бул эрдигине өмүр боюу ыраазы болушу кажет. Моюн толгоп койгондо азыркыдай болуп чартаңбай тепмек эмес. Туура сөздү айбыкпай эле айтып коюш парз.

Негедир акыркы убакта бул апчебиздин ичи уйгу-туйгу болуп жаткандай. Өткөндө А.Бекназаровго атайын жолугуп масилет куруптур.  Анан оюн тууралап парламенттик “мелдешке” Ата-Мекенди туу тутуп барсак кантет деген сунушун ортого салыптыр. Аны уккан Азикең шарт эле ал ишенген партиясынын ооматы ылдый түшкөнүн ачыктаптыр. Анан БЭКтин тагдырына кызыкканда мөөрү, керектүү кагаздары өзүндө экенин,эгерде күрөшкө түшүүгө ниети бар болсо апчесинен партияны аябасын билдириптир. Болгону капталдан чыга берип тажаткан Эмилбек Каптагаевди бул “үйүрдөн” көргүсү келбесин маалкатпай түз айтыптыр. Чамасы  Азике ошол кашкайган кишинин  оома экенине ичи толбойт сыяктуу. Чынында эле Каптагаевдин отурган жери дароо ириңдеп кетээрин Бекназаров көрө берип “табити” ага тартпай калгандай. Анын сунушуна Отунбаева оң жооп береби, же башка топко кетеби мезгил тастыктайт. Кызык, партияны Роза апчесинен аябаганы кандай себептерге байланыштуу? Дале болсо ага ишенеби, же сынап көргүсү келди бекен?  Айтор, саясатчылардын  ойлонгон варианттары чаржайыт болуп турганы көп нерседен кабар берчүдөй…деп жазат “Ачык сөз” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу