Азимбек Бекназаров: “Экс-Президент Атамбаев өз жарлыгы менен Конституцияга ылайык эмес АКСти түзүп алган”

Жогоруда айтылгандай Конституциябыз жеке Президенттердин кызыкчылыктары үчүн гана кайра-кайра өзгөртүлүп, өлкөдө үйбүлөлүк башкаруу орноп, ага чыдабаган эл эки элдик революцияга чыгышты, 2010-жылдын апрель революциясынан кийин тарыхый жоопкерчиликти мойнуна алган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: үйбүлөлүк башкарууну камтыган Конституцияны оӊдоп-түзөп жатып. Өздөрүнөн кийин бийликке келген Президент же Жогорку Кеӊеш мурдагыдай өздөрү үчүн баш мыйзамыбызды өзгөртүп албасын деп, Конституциянын өзүнө 2020-жылдын күзүнө чейин өзгөртүлүүгө тыйуу салып, 10 жылдык моратория жарыялаган Убактылуу Өкмөт бул кадамга: 10 жыл ичинде эмнебиз туура, эмнелер оӊдолууга жатат, элдин таразасынан өтсүн, андан соӊ коомчулуктун кенен пикиринен кийин Жогорку Кеӊеш аркылуу ийне жибине чейин талкууланып, үч окуудан кийин өзгөртүүлөр кабыл алынса (1993-жылкы Конституция сыяктуу) деген аруу тилек болгонун өзүӊүз жакшы билесиз. Конституция бул укуктук, демократиялык мамлекеттин пайдубалы. Кандай гана үй болбосун, анын пайдубалы бекем болбосо, кыйшык болсо, ал үй эч качан бекем болбойт. Азыркы Конституциядагы кетирилген кемчиликтер оркоюп көрүнүп калды 2020-жылга чейин дагы коомчулуктун пикирлерин эске алуу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү, оӊдоо вазийпасы сизге буйруду, эӊ башкысы сиз өз кызыкчылыгыӊыз үчүн эмес, Конституциянын өзүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө, тартипте коомчулуктун калыӊ катмары талкуудан өткөрүлгөн Конституция Жогорку Кеӊештен кабыл алынат.

2020-жылга чейин эки жыл бар, ошол мөөнөткө даяр баруу жана коомчулуктун пикирин тереӊ изилдөө, билүү, топтоо үчүн быйыл кенен форматтагы Конституциялык кеӊешмени өз жарлыгыӊыз менен түзүп, ишке салсаӊыз туура болот. Ал Конституциялык кеӊешмени эки экс-Президенттер Р.Отунбаева менен А.Атамбаев теӊ төрагалык тартибинде жетектесе деген сунушумду билдирем.

Кетирилген каталарды оӊдоо күнөө эмес.

Азыркы Конституция менен биз эч качан чыныгы демократиялык, укуктук, мамлекет куралбайбыз, себеби анын өзүндө мамлекеттик эӊ жогорку бийлик бутактарын түптөө, шайлоо боюнча демократия жолунан тайып, авторитаризмге, партиялык-коррупциянын пайда болушуна кенен жол ачкан беренелер бар.

Конституциядагы 1 — кемчилик эӊ жогорку бийлик ээлери болгон Президент менен Жогорку Кеӊеш эл тарабынан шайланаары бекитилгени менен аткарган иш аракеттери боюнча элге отчеттуулугу, эл алдындагы жоопкерчилиги Конституцияда көрсөтүлбөгөн.

Биз Кыргызстан улутчул-мекенчил күчтөрдүн биримдиги (КУМКБ) – эл тарабынан шайланган мамлекеттик бийлик ээлери аткарган иштери боюнча элге жыл сайын бир жолу элдик курултайларда отчет берилишин, Конституциялык статусу бар элдик курултай институту аркылуу ишке ашсын деген сунушту мурдагы Президентке, Жогорку Кеӊешке бергенбиз. Биздин пикир боюнча элдик курултай институту, мамлекеттик бийликтин ишин көзөмөлдөөчү жана багыттоочу, эч бир бийлик бутагына кирбеген, өзүн өзү башкарган конституциялык деӊгелдеги саясий коомдук уюм болот. Элдик курултайдын мыйзам чегинде кабыл алынган чечими- элдин эрки катары мамлекттик бийлик үчүн милдеттүү күчкө ээ.

Өзүнүн аткарган иштери боюнча жыл сайын элге отчет берген Президент чыныгы демократ, ал эми мамлекттик бийлик бутактары, эл тарабынан көзөмөлдөнүшүн колдогон мамлекет- укуктук, демократиялык мамлекет болот.

Элдик курултай институтунун Конституцияга бийликти көзөмөлдөөчү жана багыттоочу коомдук саясий уюм катары киргизилишин өзүӊүз менен бирге Президенттик шайлоого катышкан 13 талапкердин 9у, экс-Президенттер А.Атамбаев, Р.Отунбаева, СДПК фракциясы да колдоорун билдиришкен.

Сөзү, ою, жүрөгү эркин депутат, партиясыз, көз карандысыз судья.

Азыркы Жогорку Кеӊеш менен сот бийлигине 80-90% эл ишенбей калды, эл өкүлдөрү деп аталган Жогорку Кеӊештин депутаттары чындыгында кайсы бир саясий партиянын лидеринин өкүлдөрү. Алар чөнтөгүнө жараша тизмеге киришет да, депутат болот.

Жогорку Кеӊешти 100% партиялык тизме менен шайлоо системасын 2007-жылы Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилгенин жакшы билесиз. Бакиевдердин мындан башка жолу жок эле, алардын бири да эч бир региондон депутат болмок эмес. Көз карандысыз эркин депутаттарды Жогорку Кеӊештен тазалоонун бирден бир жолу депуттарды 100% партиялык тизме менен шайлоо жолу болгон. Алар бийликтин “Ак жол” партиясын түзүп, ага өз жакындарын киргизип, элим-жерим деген эркин, көз карандысыз депутаттарга каршы чара катары партиялык шайлоо системасын пайдаланышкан.

Сиз нечен жолу Кара-кулжадан көз карандысыз, эркин депутат катары шайлангансыз. Бүгүн Парламентте Кара-кулжанын элинин депутатымын деп сизге окшоп эркин сүйлөгөн эл өкүлү барбы? Сиздей эле Бишкек-Чүйдүн М.Мукашову, А.Проненкосу, Алайдын И.Исакову менен А.Эркебаеви, Алай-Кара-суунун А.Келдибекову менен Т.Бакир уулу, Ноокендин Д.Садырбаеви, Өзгөндүн А.Мадумарову, Баткен-Кадамжайдын А.Масалиеви менен Б.Эркинбаеви, Базаркоргондун Ө.Текебаеви, Нарындын И.Кадырбекову, Ыссык-Көлдүн А.Малиеви, Таластын Б.Шерниязовундай депутаттар барбы? Бүгүн Парламентте Атамбаевдин, Бабановдун, Текебаевдин депутаттары гана бар.

Ошол Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилген шайлоо системасы өлкөдө партиялык коррупцияны жаратты. Эсиӊиздеби, 2006-жылы Парламенттеги Реформа үчүн депутаттар тобунун демилгеси менен өткөн Бишкектеги Ноябрь митингинде кабыл алынып, кийин Парламенттен үч окуудан өтүп кабыл алынган, Президент К.Бакиев аргасыз кол койгон Конституцияда (2006-жыл ноябрь) Жогорку Кеӊеш 50-50% регионалдык-партиялык шайлоо системасы менен шайланары бекитилген эле.

Убактылуу Өкмөттүн дээрлик көпчүлүгү ошол “Реформа үчүн” кыймылынын жөнөкөй мүчөсү эмес, лидерлеринен болгонуна карабай, 2007-жылы Максим Бакиевдин тобу тарабынан киргизилген шайлоо системасын өзгөртпөй сактап калганы Убактылуу Өкмөттүн кетирген каталарынын эӊ башкысы. Бул кемчилик 2020-жылкы Конституциялык Реформада оӊдолуп, Жогорку Кеӊеш 50-50% менен регионалдык-партиялык шайлоо системасы менен куралганы дээрлик элинин көпчүлүгү элет жеринде жашаган Кыргыз мамлекети үчүн туура болот.

Убактылуу Өкмөттүн дагы бир чоӊ катасы судьяларды тандап алууну же сот системасынын кадр маселесин да парламенттеги саясий партиялардын колуна бергенинде. Сот адилеттигинин эӊ башкы принциптери- бул судьялардын көз карандысыздыгы жана эч бир партияда болууга тыюу салынгандыгы, бул Конституциялык ченем. Судьяларды тандап алуу кеӊеши Парламенттеги партияларга берилгендиктен, судья болуп кайсы бир партиялардын мүчөлөрү депутаттарга окшоп эле, чөнтөгүнө жана партиянын лидеринин көз кырына жараша тандалып алынат.

Судьяларды тандап алуу мамлекет башчысы президент тарабынан түзүлүүчү Улуттук кеӊешке берилип, жергиликтүү соттун судьялары тийиштүү райондогу жергиликтүү кеӊештин депутаттары тарабынан шайланса деген кеӊешти берет элем. Мындан сырткары сот адилеттигин жүргүзүүдө эл өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо үчүн- арачачы соттор (суд присяжный) институту аркылуу камсыз кылуу сиз экөөбүз депутат болуп жүргөндө- 2007-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилсе да иштебей турат.

Акыркы 7 жылда укук коргоо, прокуратура, тергөө органдары мурда болуп көрбөгөндөй башаламандыкка кабылды. Тергөө системасы негизинен Өкмөттүн курамындагы атайын кызматка-Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК)- АКСке берилип- илгерки Бэриянын заманы жаралды. Азыр УКМК каалаган адамын мыйзамсыз угуп, тыӊшап, жаздырып, аӊдып кааласа жасалма арыздар, маалыматтар менен кылмыш иш козгоп, мыйзамсыз факты, далилдерге сот, прокуратура аркылуу мыйзамдуу боек берип, өзү токуган кылмыш иштерди сотторго: мындай тартипте карап, мындай чечим чыгарасыӊ- деп буйрук бере алат, себеби УКМК-АКСтин артында мыйзам, Конституция эмес “эӊ күчтүү” адам турарын АКС эӊ күчтүү адамдын жарлыгы менен Конституцияга каршы болсо да жаралганын жана ошол адамга гана баш ийерин соттор, прокурорлор жакшы билишет.

Тергөө органы- атайын кызматтан, аткаруу бийлигинен өзүнчө көз карандысыз мамлекеттик тергөө органы катары Конституциялык деӊгеелде чечилиш керек. Россиядагы тергөө комитетине окшоп. Ар бир укук коргоо органдарынын өз функциялары, мисалы, ИИМ- коомдук тартип жана коопсуздук; УКМК- улуттук коопсуздук, ички, тышкы чалгындоо, терроризм менен күрөшүү; Прокуратура- мыйзамдуулукту сактоо, жалпы көзөмөл; Тергөө комитети- тергөө иштерин жүргүзүү ж.б. ушул сыяктуу так бөлүнгөн функцияларды аткарыш керек. Укук коргоо органдарынын жетекчилигине ошол тармакта бир күн иштебеген Президенттердин өз жакындарын дайындоо практикасы токтотулушу керек. Ал тармактардын жетекчилери болуп, ошол тармакта өсүп жетилген кесипкөйлөр иштегени туура.

Урматтуу Президент,  азыркы Конституция боюнча Президент өзүнө баш ийген карательдик органды түзүүгө укугу жок. Экс-Президент Атамбаев өз жарлыгы менен Конституцияга ылайык эмес АКСти түзүп алган. Сиз аны жоюуга же Конституцияга ылайык келтиришиӊиз керек.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу