Азимбек Бекназаров түшүнөн чоочуган го!

Азимбек Бекназаров баягында курун мойнуна салып, алдына барса да карабай, Быкназавр — деп, теңине албай койгон Атамбаевдин эми керегине жарап, анын акча төлөп туруп агытып жибере турган «ДАҢГЫТ»ына айланып алган өңдөнөт. Акыркы учурларда АШАны жактаган маалымат жыйындарын берип, бакылдап сүйлөп чыгып калып жатат. Эми Азикеңе акча ыргытып койсоң керек болсо «ырдап» бере турган арзан мүнөзү бар экенин аны жакшы билген саясатчылар айтып эле жүрүшпөйбү. Аны эл деле билип бүттү.
Андай эле акыйкатты сүйлөйт экен Бекназаров, баягында 40 адамдын өмүрүн алган «Кандуу жүк» ташыган самолет кулаганда неге элдин сөзүн сүйлөгөн жок? ТЭЦ аркылуу жүздөгөн миллиондор желип кеткенин укканда эмнеге «Ай Атамбаев! Биз революцияны ушул үчүн жасадык беле!» — деп чыкпайт? Болбосо, Кытайдан алган 2 миллиард доллар кредитти АША баш болгон анын «каша» чалган аферистери жеп кеткенин укканда ушинтип, маалымат жыйынын өткөрбөйт?
Эми бүгүн баягында өлөрчө сабалып, бир өлүмдөн калган Конгантиевдин ишин прокурор кыскартып койгон экен ошого оңбогондой намыстанып алган имиш. Эй Азимбек Анаркулович! Ал Конгантиевдин иши үчүн намыстансаң, баягында АША аны Форумга чакырып, шайлоо сайын Жалал-Абадга жөнөтүп, жең ичинен иштешип жатканда бакырбайт белеңиз? Өткөндө Икрам менен Фарид Конгону АШАга жакындатып, Майлуу Сууга барып туруп бериңиз деп, мамиле түзгөн кезде айгай салсаңыз не болмок? Баягы 2011- жылы Атамбаев «Ачык Саясат» гезитине: «Конгантиев өзүнүн жазасын алды, аны кудай жазалады. Мындан артык жазалоонун кереги жок»- деп анын ишин каратпай жымсалдап койгондо кокуйласаң болбойт беле?
Негизи эле Азимбек Бекназаров сыяктуу саясаттага «бекерпоздордун» доору бүтүш керек. Качанга чейин ушул немелер кыргызды калчайт? Же сүйлөгөнү оң эмес, же ниети түз эмес, качан болсо жамандыктан акча жасоонун амалын ойлоп, басып жүрөт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу