Азимбек Бекназаров: “Парламенттин 60-70 пайызы саясий сойкулар…»

 

Айтылуу Азимбек Бекназаров: “Азыркы парламенттин 60-70 пайызы саясий сойкулар… Кыргыз саясатчыларынын көбү “бийлейли”, “жыргайлы” деп жеке кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн бийликке келишет.

Мына, кечээ Алмазбек Атамбаевдин колтугунда жүргөндөр бүгүн Сооронбай Жээнбековдун колтугуна киришти. Акаевдин учурунда завод-фабрикаларды менчиктеп, сатьш, талап-тоногондор кийин Бакивдин колтугуна кирип кетишти. Анан алар Атамбаевге өтүшкөндөн…», — деп “Марал” радиосуна маек берип жатып айтты. Канткен менен чындыкты билдирди. Тигил жээктен бул жээкке секирген «саясий сойкулардан» арылчу мезгил келди.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу