Азимбек Бекназаров кайрадан төңкөрүш уюштуруп, акчк жасагысы келип калганбы?

«Азимбек Бекназаров маалымат жыйын берди. Ал Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскартылып, акталганына карата билдирүү жасады. Анын айтымында, Конгантиевдин акталса да, сот аркылуу акталышы керек болчу, анын ишин тергөөчү эле кыскартып койду.
Биринчиден, Конгантиевге кылмыш иши козголгон жылдары Бекназаров башкы прокурор, Атамбаев досу премьер, президент болгон. Убактылуу өкмөттө да отурушкан, бийликти мыкчый кармап. Анда Бакиевдерге каршы толук кандуу күрөш жасоого элдик колдоо да, шарт да, ресурс да бар эле. Экөөлөп ошондо эле Конгантиевди соттотуп, арыдан-бери кылса болот эле да? Ушунча жыл унчукпай отуруп, эми чыга калганы бир гана нерсени айгинелейт – Бекназаров кайрадан революцияны самап, андан акча жасагысы келип калганын.
Бакиевдин адамдарын гана эмес, Бакиевдин өзүн, бир туугандарын жоопко тартууга булардын чоң мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок негедир аны жасашкан жок, эмне себептен, соодалашканбы?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу