Азимбек Бекназаров: Бектур ачкачылыкты токтоткула деген суранычымды кабыл албады. Акыйкат үчүн күрөшүүнүн жалгыз жолу калды дейт

Саясатчы Азимбек Бекназаров №47 түзөтүү колониясына кирип, 18 күндөн бери кургак ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун акыбалын көрдү.
Ал абакка Асановдун адвокаты катары кирген. Айтымына караганда, оппозиционердин акыбалы начар.
«Ден соолугу начарлаганы кубарган өңүнөн эле билинип турат. Баягы гүлдөгөн Бектур жок. Духу, жандүйнөсү мурдагыдай эле өткүр болгону менен физикалык жактан ачкачылыктын залдары уруп, алсыздандырып коюптур. «Биз Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков менен сүйлөшкөнбүз, ачкачылык кармоодогу максатыбыз, талабыбыз баарына дайын. Ал аткарынмайын артка кайтпайбыз», — деди. Мен саясатта чогуу жүргөн агаңар катары суранам, ачкачылыкты токтоткула. Силер жашсыңар,алдыңарда күрөштөр көп. Аларды аткаруу үчүн силерге ден соолук керек. Сендей жүрөгүндө жалы бар саясатчылар аз. Саясат талаасын азыр коммерсанттар ээлеп алды. Эли-жери үчүн күрөшө турган, акча менен саясат кылбай турган сендей жигиттер Кыргызстанга керек. Ден соолугуңду кара, кокус жаман иш болуп кетсе,
кайгыргандар да болот, бирок табалагандар көбүрөөк чыгат деген кеңешимди айттым. «Мындан кийин келип, адвокатым катары мага жолугуп туруңуз», деди. А мен келип турууга убадамды бердим» — деди Бекназаров.

Ал Бектур Асановго акыйкаттык үчүн күрөшүүнүн ачкачылык кармоодон башка да жолдору бар экенин айткан. Бирок, оппозиционер: «Биз башка жолдун баарын көрдүк, башка жол жок экенине көзүбүз жеткенден кийин ушу лишке бардык. Кечээ жубайым да, апам да келди, аларга да ушул сөздү айттым», — деп болбой койгон.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков эки жыл мурда «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган» деген айып менен кармалышкан. Сот Асанов менен Кадыровду 12, Карыбековду 20 жылга эрктеринен ажыраткан.
18 күн мурда саясий туткундар кургак ачкачылык жарыялашкан. Алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Кечээ Карыбеков менен Кадыров Бишкектеги №1 абакка которулушуп, а Асанов 47-абакта калган. Анын акыбалы күн өткөн сайын оордоп баратканын акыбалы менен таанышып чыккандардын баары айтышууда. Бирок, бийлик тараптан бүгүнкү күнгө чейин реакция боло элек.

Булак: sayasat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу