Азиз Суракматов: 800 автобус, 400 троллейбус сатып алуу планым бар

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» жана КСДП фракциялары 3-августта мэр кызматына талапкер Азиз Суракматов менен жолугушуп, анын программасы менен таанышты.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Суракматов өз программасындагы маанилүү багыттар катары жаңы жолдорду куруп, эскилерин оңдоо, 700-800 даана чоң автобустарды, 350-400 троллейбус сатып алуу, экологияны сактоо, бак-дарак отургузуу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, шаар бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу үчүн кошумча каржы булактарды табуу экенин айтты.

Ага чейин талапкер менен «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кездешкен.

Бишкек шаарынын мэри кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматов гана арыз берген.

Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.

Ошол күнү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан «кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган.

Булак: «Азаттык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу