Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын мэри: Таза жана жашыл, кооз шаар курууга бел байладым

Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап жатканына туура үч ай толду. Чынын айтканда, башында аны кабыл албай жаткандардын көбү азыр Суракматовдун калаа  башчысы катары ишмердигине ыраазы болуп жатышат. Баарынан да мындан 8 жыл мурун өрттөнүп, жарактан чыккан имараттын ордун скверге айлантуу идеясы жана шаардагы жерлерди 2020-жылга чейин берилишине мораторий киргизүү демилгеси коомчулукта мактоого татууда. Мындан тышкары, борбор калааны өнүктүрүү боюнча мэрдин дагы кандай пландары бар, өзүнөн угуп көрдүк.

– Азиз мырза, учурда өрттөнүп кеткен прокуратуранын мурунку имаратынын ордуна сквер куруу идеяңыз кызуу талкуу болуп жатат. «Ал жерге сквер куруу тегеректеги кафе-ресторандардын кызыкчылыгы» дегендер бар. Ал кафе-ресторандар сиздин жакындарыңызга таандыкпы?

– Биринчиден, ал жерде эч кандай жакынымдын кафе-рестораны жок. Экинчиден, сквер курууга алардын кызыкчылыгы дагы жок. Болгону, имарат өрттөнгөн 2010-жылдан бери жараксыз болуп, борбордун чок ортосун ээлеп турат. Ал жерди бир нерсе кылуу керек. Андыктан, биз варианттарды сунуштадык. Сквер, көп кабаттуу унаа токтотуучу жай жана кеңселер үчүн имарат куруу боюнча үч вариант бар азырынча. Архитекторлордун кароосунан, коомчулуктун талкуусунан кийин гана чечим кабыл алынып, бюджетке киргизилет. Азырынча «скверди куруп жиберели» деген да жокпуз.

– Ал жердин аянты канча, курулуш качан башталат? Мэрия өзү курабы, же тендер өткөрүп, компанияларга береби?

– Бишкек башкы архитектуранын жакшыртуу жана ландшаф бөлүмү иштеп чыккан сквердин болжолдуу эскизинин долбоорун коомчулукка көрсөттүк. Сквердин жалпы аянты 41 сотыхты түзөт. Ал Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Долбоорго ылайык, сквердин алдында унаа токготуучу жай орун алат. Скверге фонтан дагы коюлат. Дагы айтам, бул болжолдуу гана долбоор. Ал эми курулуш иши 2019-жылдын бюджетине кириши керек. Курулушту ким жасайт – бул маселени да азырынча карай элекпиз. Эмне курулат, азыр ошону чечүүнүн үстүндө гана иш жүрүп жатат.

– Сиздин кыргыз-тесттен өтүү боюнча сунуштан баш тартканыңыз айтылып жатат…

– Баш тарткан жокмун. Тескерисинче, башынан эле «эгер БШК чечим кабыл алса, мыйзам чегинде ал талапты аткарам, кыргыз тилинен кайра сынак тапшырганга даярмын» деп айтып келе жатам.

– «Мэр кыргыз тилин жакшы билбейт экен» дешчү. Кантип үйрөндүңүз?

– Бала кезден орус мектепте билим алып, үйдө да орусча тарбия алып калганга, чынында кыргызча сүйлөө кыйын эле болду. Бирок, Кыргызстанда жашап, кыргыз элине кызмат кылып жатабыз го. Эне тилин билбеген уят, менимче. Азыр мурдагыдан дагы жакшы билем. Өзүңүз көргөндөй, кыргызча сүйлөп жатам.

– Мэрликке талапкерлигиңизди койгондо, шаарды өнүктүрүү программасын иштеп чыгарыңызды айтып, сөз бердиңиз эле. Ал убаданы качан ишке ашырасыз?

– Борбор калааны өнүктүрүү программасын даярдап жатабыз. Жумушчу топ түзүлгөн. Ар башка тармактардын эксперттери иштеп жатышат. Жыйынтык сөзсүз түрдө шаардык кеңештин депутаттарынын талкуусуна коюлат. Бул иш жакынкы бир айдын аралыгында болот, буюрса.

– Бишкектин жаңы генералдык планы дагы түзүлөбү?

– Ал да менин иш-планымда бар. Башкалаанын азыркы генпланы 2006-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ал 2025-жылга чейинки убакытты камтыйт. Ал эми жаңы генералдык планды иштеп чыгууну 2-3 жыл ичинде ишке ашырабыз. Бишкек – чакан шаар. Таза жана жашыл, кооз шаар кылууга биргелешип иштешибиз керек. Заманбап имараттар, жолдор, көпүрөлөрдү куруу планда сөзсүз камтылат.

– Шаар ичиндеги маршруттук таксилердин башаламандыгынан калк нааразылыгы улам күчөп жатат. Айдоочулар мыйзам бузушууда. Көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдору бар?

– Бишкектин транспорттук системасын жакшыртуу менин негизги максатым, иш-планыма кирет. Кызматка киришкенден бери карай ушул маселени колго алып, жакындан иштеп жатам. Коомдук транспортторду мур-дагыдан дагы көбөйттүк. Дагы 50 автобус алуу боюнча тендер жарыялаганы турабыз. Каражат болору менен дагы алабыз. Анан коомдук тартипти дагы көзөмөлдөп жатабыз. Айдоочулардан маданияттуулукту сактап, элге сылык мамиле жасоону сурануудабыз. Баса, жакында автобус, троллейбустарды электрондук белетке өткөрүү маселеси чечилет. Шаардыктарга жеңилдик болот деген үмүттөмүн.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу