Азиз Суракматовго кара пиар уюштургандар, анын келбетине асылып башташты…

 

Кыязы, Бишкек шаарынын болочоктогу мэри Азиз Суракматов болот. Анын талапкери Бишкек шаардык Кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан көрсөтүлдү. Мэрдин шайлоосу 8- августка белгиленди. Ага чейин “иттин уулу Байгара” деле Суракматов талкуууга алары турган иш.
Бирок, реалдуу карап көрсөк, сунуш кылынган талапкер туура көрсөтүлгөн экендигин баамдоого болот. Мындай ойго кептелгенибиздин өзүнүн себептери бар. Биринчиден, ал эч кандай коррупциялык кыңыр иштерге аралашкан эмес. Шаардын маселелерин “ийне-жибине” чейин билет. Ал эми шаардыктардын проблемалар “жон териси” менен сезе билген адам.
Азиз Суракматов, Сары-Өзөн- Чүйдүн кулуну. Мэриянын структурасында дээрлик 20 жылдан бери эмгектенип келет. Буга чейин архитектура жаатында иштеген.

Эң кызыгы, Суракматовго бут тоскондор ага каршы эч нерсе таппай, пенделикке салып анын өңү-түсүнө асыла баштады. “ Чырайын чылап иче тургансып” интернетте “кебетеси кантет” – деген билдирүүлөр желдей тарады.
Мындай билдирүү калтырган адамдар, Суракматов, өңү түс менен эмес мээси менен дыкат тандалып алган командасы менен иштейт экенин эстеринен чыгарбаса жакшы болмок. Эч нерсе таппай калган соң, адамдын кудай жараткан келбетин, өңү – түсүн “желек кылып желбиретүү” пастык экени айтпаса да түшүнүктүү.
Суракматов журналисттерге өзүнүн программасынын бир бөлүгүн айтып берүүгө жетишти. Айланып келип эле баардыгы бюджетке, тагыраак айтканда анын тартыштыгына келип такалат.
“ Учурда “ыңгайлуу шарттары бар шаар” атуу бекитилген программа бар. Ал Финансы, социалдык блок, инфраструктура түйүндөрүн жакшыртуу жана башка баардык тармактарды камтыган. Биз мунун баарын депутаттар менен талкуулап чыктык. Депутаттардын айтымында, шаарды өнүктүрүү үчүн финансы каражаттары жетишсиз. Акча каражаттары да абдан тартыш. Бул маселелерди чечүү үчүн шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү зарыл. Жаңы киреше булактарын издеп бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп чыгашаларды оптималдаштыруу менен бирге салыктарды жетекчиликке алуу зарыл” – деди Суракматов.
Болочок мэрге карата, “ал Бакиев аркылуу келди”- деген дооматтар айтылууда. Мындай доомат албетте акылсыздык. Анын үстүнө Бакиев менен коюн-колтук алышкан бир топ саясатчылар азыр деле өздөрүн “сууда жүргөн балыктай” сезишет. Бирок аларды эч ким деле талкууга алып жаткан жок.
Акыйкатында, кез келген саясатчыны Бакиевдерге байланыштырып койсок болот.

Демек, Суракматовго каршылар ачык эле аны “тизеге чаап” койгулары келип жатат. Бирок, Суракматовдун Бишкек шаарын өнүктүрүүгө болгон сунуштары реалдуу. Шаар үчүн жаңы киреше булактарын таап чыгуу абдан маанилүү. “Борбор шаар”- деген мамлекеттин жүзү, жана ал колдон келишинче жакшы көрүнүштө болуусу маанилүү. Шаардын коноктору, чет элдик туристтер кай тарапка багыт алса да Бишкек аркылуу өтөт.
Суракматовдун дагы бир жакшы демилгеси- бул бизнеске ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бизнес канчалык өнүксө, ошончолук салык көп түшүп Бишкек шаарын жакшыртууга каражат да кенен болот.
Суракматовду жогоруда аталгандай мыкты демилгелери ишке ашат деген үмүтүбүз бар. Ошол кезде, ичи тарлык кылып жаткандар эмне дешээр болду экен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу