Азиз Мурадиллаев жаңы тасмада полковниктин ролунда

Кыргыз кинотеатрында жакындан тарта криминал, экшн жанрында “Агентурист” атту кино көрсөтүлө баштайт. Аталган тасманын режиссёру жана продюсери Нарбото Анарбаев бул туурасында: “Тасмада ак менен каранын ортосундагы күрөш чагылдырылат. Экөөнүн ортосундагы таймаш канчалык күчтүү болсо дагы акыйкат, ак сөз жеңет деген ойду берүү башкы максатыбыз болду. Тасмада милиция кызматкерлеринин кылмышкерлер менен болгон аёосуз күрөшү баяндалат. Башкы каармандардын бири катары белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев тартылды. Тартуу иштерине жалпы 30 миң доллар каражат кетти”, — дейт.

Булак: Супер Инфо 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу