Азиз Батукаевди Чечняда төрт жылга камашты

«Мыйзамдагы ууру»  аталган Азиз Батукаев Чечняда мыйзамсыз мылтык алып жүргөндүгү үчүн камалган эле. Бул кезек ал экинчи жолу өз өлкөсүндө камакка алынып жатышы. Бул жолу ал мас абалында унаа айдап адам өмүрүн алган.

Батукаевдин кылган кылмыш ишинде Mercedes Benz 500 автоунаасын кызуу абалында айдап алып  Старые Атаги айылында автокырсыкка учураган. Ал «ВАЗ 2110» оң жагынан ашып өтөйүн деген, Батукаев 120 саатына км/аралыкта аталган унааны сүзгөн. Унаанын ичиндеги айдоочу ошол жерден жан берген. Азиз Батукаев кылмыш кылган жеринен качып кеткен.

Каза болгон Магомеда Ампукаевдин туугандары Батукаевдин жакындары менен өз ара бул ишти жаап коюууну туура көрүшкөн.

Эске салсак, биздин мамлекетте ал эл аралык издөөдө жүрөт. Кыргызстанда Азиз Батукаев 16 жылга кесилген, бирок ал мөөнөтүн толук аягына чыкпай рак менен ооруп жаткандыгына байланыштуу өз өлкөсүнө жиберилген. Маалыматтарга караганда, чечен депутаты Адам Делимхановдун өздүк учагы менен биздин өлкөдөн чыгып кеткен.

Бирок Батукаев кеткенден кийин анын ооруп жаткандыгы тууралуу медициналык экспертизанын жыйынтыктары жасалган болуп чыккан.

Кыргызстандын бийлиги Батукаевге издөө салгандан кийин Чечен республикасы ага карата мыйзамсыз курал алып жүргөндүгү үчүн 3 жылга камакка алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу