Азизбек Келдибеков: Президентке бут тосуулар качан токтойт?

1. Президенттик инаугурациясы учурунда экс-премьер Дүйшөн Зилалиев кетип бараткан президенттин кортежине «бомба» коюлганын айткан. Орусияда террористик жалган маалымат бергендер жаңы мыйзам боюнча 10 жылга чейин камалышат.

2. ««Марихуана» менен Кыргызстан өнүгөт»- деген Толкунбек Абдыгуловдун августтан бери эмгек жолун карап көрөлү: Улуттук Банктын төрагасы, вице-премьер, биринчи вице-премьер, Улуттук Банктын төрагасы. Түндүк Кореяда мындай кызматкерин Ким Чен Ын итке талатып жоготмок.

3. Президенттик инаугурациясы учурунда Ак үйдүн белдүү кызматкерлери маймыл болушуп Атамбаев менен Жээнбековду маскаралашкан.Батыштын мыйзамы боюнча маскаралаган адамдар жоопко тартылат.

4. Президент Жээнбеков бул жылы айылды өнүктүрөлү деп туура маселе көтөргөн. Оксана Малеваная менен секретариат түзүшүп, «Ынтымак» курултайын уюштурушуп, Атамбаевге каршы турган Илим мырза «Артык кылам деп, тыртык кылып» арак темасына аралашып кетти.

5. Кремль Горбачевдук заманда арактын тамырын өйдөдөн кыркам деп «сухой закон» кийирип, СССРди «сухой закон» кылган. Азыркы учурда Илим мырза билбесе айыл жери ылдыйдан аракка каршы турушуп, аракты айылда саттырбай калышкан.

6. Айылдыктар КТРКны көрчү санарип жокто башкалар тартпаса эмне кылышат? Атамбаев, Оторбаев, Жумагуловдор «цифровая» ТВны алып келишти. Илим КТРКга келгени илим-билим көтөрүлбөй жабыла баштады. Президент Жээнбеков салттуу ислам динин калкка тараталы деди эле. «Бөрк ал десе, баш алган» Иликең экстремисттик, радикалдуу маанайдагы диний көрсөтүүлөрдү бере баштады.

7. Сөз менен эмес, иш менен айылды өнүктүрүүгө салымыбызды кошо турган учур келди.

Азизбек Келдибеков

Аргумент.kg
Жооп калтыруу