Азиза Мурзашова: «Бөлөк улуттагы жарандарга турмушка чыгуу акмакчылык эмес»

Блогер Азиза Мурзашованын пикиринде, бөлөк улуттагы жарандарга турмушка чыгуу акмакчылык эмес, ал эми бөлөк улуттагы кызга үйлөнүү баатырдык эмес. Бул болгону – сүйүү, аларды күнөөлөп, сын тагуунун кереги жок. Сиздерге блогердин пикирин толугу менен сунуштайбыз.

Биздин өлкөдө жогоруда аталган көрүнүшкө болгон сандырак, маанисиз пикирлерди байкап келем. Эгер кыргыз кызы кыргыз эмес жигитти жактырып калса, анда ал ким? Туура, ал мекенчил эмес, ал сатылып кеткен акмак, ал жеткен макулук, ал мамлекеттик чыккынчы, ал… (бул тизмени уланта берсеңиз болот). Бул боюнча биздин күйдүргү патриоттор мындай дешет: “Эмне кыргыздар калбай калыптырбы?”, “Ой, татыктуу кыргыздар өтө көп, а ал болсо сасыган чет өлкөлүккө күйөөгө чыкты”, “Кантип чыкты?! Ал таптаза кыргыз тукумун улантышы керек эле!”, “Бул сүйүп тийген жок, акчасына карап тийди”.

Ал эми “кыргыз жигити жана башка улуттун кызы” баш кошкон учурда биздин ошол эле патриоттор мактап эле: “Азамат!”, “Эркек”, “Карагылачы, биздин эркектерди ушинтип эле талап кетишет”, “Эу, вачач, чет өлкөлүк кызды бастырып кеттиң!” дешип жатып калышат.

Дал ушинтип биздин чынында эле татыктуу: билимдүү, терең ой-жүгүртүүсү бар, жаңычылдыкка даяр, спортко жакын, эмгекти сүйгөн, келечектүү жана либералдуу жигиттер сөз айтышпайт. Мындай балдар биздин өлкөдө бар, бирок алар пайыздык катышта алганда абдан аз. Минтин адепсиз пикирин билимсиз акмактар билдирет, алар көкүрөк кагып: “Мен кыргызмын! Мен патриотмун!” дегенден башка эч нерсе билишпейт.

Менин ушул күйдүргү патриотторго айтырым: биринчиден, коомдо өзүңөрдү кандай алып жүрөсүңөр? Карап көргүлөчү. Силер туш келген бурчта түкүрүнүп, “дэң дэң дэң” деген сыяктуу аңкоо сөздөргө корстон болуп жүргөн учурда, чет элдик жигиттер ийилип эшик ачып, айымды алдыга коё берип, өздөрүн маданияттуу алып жүрүшөт. Экинчиден, өзүңөрдүн сырткы келбетиңерди бир крап көргүлө эле. 25 жашка чыгып чыкпай, биздикилер статустун көрсөткүчү болгону үчүн курсак салып алышат (ушул күнгө чейин, эмне болгон статус экенин түшүнбөй келем… “мен жалкоо жанбашмын дегенби”?), душ түшүп чыгуу – бул өзүнө мыкты кам көрүп койдум дегени. Силердин алдыңарда маймылдар да кыйла көрктүү көрүнөт. Үчүнчүдөн, силер биздин кыздарга жүрөгүңөр жана колуңар менен кошо эмнени сунуш кыласыңар: өмүр ашканага каттоого тургузасыңар, жетишип кетсеңер чаң соргучту, болбосо шыпыргыны жанына байлап бересиңер, анан да ага кызмат көрсөтүүчү персоналга жасагандай мамиле кыласыңар. Мына ушул биздин кыздарды суктандырышы керекпи? Албетте, мына ушундай куру намысчыл күйдүргү патриотту өмүр бою чогуу жашоого тандоо үчүн кандай акмак болуу керек?

Эмнеге ушундай учурлард эч ким чыныгы СҮЙҮҮ жөнүндө ойлонбойт, дүйнөнүн эки учунан эки адам табышып, сүйүшүп, окшоштуктарды таап, бирге кыялданып, пландарды түзүп, кол кармашып, жашоонун түрдүү кырдаалдарында бири-биринин колун коё беришпейт. Эмнеге адамды түшүнбөй, аңдабай туруп, чындап сүйүп каларыбыз жөнүндө эч ким ойлонбойт, анткени адл ушул учурда анын, кыздынбы, жигиттинби улуту, тутунган дини, статусу, кесиби, кирешеси жана башкалар бизди кызыктырбайт да. Биз АДАМды сүйүп жатабыз! Бөлүнүүнү жана эч кимге кереги жок дубал курууну токтоткула!..

Булак: «Фейсбук»

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу