Азиза Анарбаева: “Жаныбек каза болгондо жашоом токтоп калгандай болгон…”

Кыргыздын белгилүү куудулу, пародист, маркум Жаныбек Алыкуловдун жубайы ырчы Азиза Анарбекова менен маектештик. Убагында далай пародияларды,ырларды, монолог, аткарып, элдин көңүлүн көтөрүп, элге күлкү, тамаша тартуулаган куудулду эскерип, жубайы Азиза айым zaman.kg маалымат агенттине кызыктуу маек курду.

-Сиз белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун жубайысыз. Жаныбек агайдын көз жумганына канча жыл болуп калды? Азыр сиз эмне менен алектенип жатасыз?

-Жаныбектин көзү өткөнүнө быйыл 21-июлда беш жыл болот. Убакыт билинбей эле өтө берет экен. Жакем каза болгондо жашоо ошону менен токтоп калчудай болгон. Жашоонун кызыгы жок болуп, кең дүйнө тар болгон мен үчүн. Эки жыл дегенде гана өзүмө араң келгем. Жакем экөөбүз ээрчишип, жакшынакай жүрүп эле колумдан ажалга алдырып алдым. Аны ажалдан арачалай албадым… Түгөйүнөн айрылган ушунчалык жаман экен, бир топко чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Эгерде Жакем төшөк тартып жатып калса дагы бир жөн эле, жакшынакай ээрчишип жүрүп эле кетип калганы, болгондо да жаш кеткени абдан өкүнүчтүү болду. Ал он күн эле ооруду да кете берди… Азыр болсо үйдө элемин. 2017-2018-жылдары жалпы жети ай Түркиянын Анталия шаарында болуп келдим. Анткени кичүү уулубуз Гүлжигит ошол жакта Анталия спорт футбол клубунун академиясында окуп калды. Анын жашы жете элек үчүн жанында жүрүшкө туура келди.

-Сиз убагында чоң сахнада ырдап жүрчү экенсиз, үнүңүз тунук, мыкты, ажарлуу келбетиңиз да бар. Эмнеге ырдаганды токтотуп койдуңуз?

-Мен 1988-жылы Ош областтык филармониясында иштеп калдым. Ошол жерге Жаныбекти чакыртышты. Анда ал Токтогулда иштечү, өзүнүн пародиялары менен жаңыдан тааныла баштаган жылдары эле. Ошол жактан Жакем менен таанышып калдым. Мен солистка элем. Анан Бишкекке көчүп келдик, ал өзүнүн чыгармачылыгын улантты. Мен балдарды карап үйдө болуп калдым, жаштыгымбы билбейм, үй-бүлө менен алп урушуп жүрүп, өзүмдүн чыгармачылыгыма такыр көңүл бөлгөн жокмун. Бирок, убагында чоң сахнада ырдап жүрүп, кийинчерээк ырдабай калганыма өкүнбөй койбойм. Элдер деле айтышат, ушундай сонун үнүңүз болуп туруп эмнеге ырдабай калдыңыз деп. Мен өзүмдүн чыгармачылыгымдан мурда үй тиричилигин мойнума алып, Жакемдин чыгармачылыгына шарт түзүп берген элем. Бирок радио-телевидениелерге чыкпаганым менен гастролдордо, той-топурларда Жакемдин өмүрүнүн акырына чейин эле ээрчишип жүрдүк.

— Убагында чыгармачылыкты аркалап, сахнага кайтып барып, ырдай берсеңиз атактуу ырчы болуп чыгат белеңиз? Балким жолдошуңуз сизди кызганды..?

-Чыгармачылыктан алыстап, үйдө балдарымды карайын деген тандоом деле болгон эмес. Убагында кайра ырдап чыгам деп ойлоп, ага деле маани берген эмес окшойм.Ал эми кызганчу беле деген сурооңо чындыгында Жакем кызганчаак эле болчу.

-Жаныбек агайдын көзүнүн тирүүсүндө “кош жылдыз” болуп, сахнага чыгып ырдап жүрдүңүздөр эле, азыркы убакта ырдап атасызбы?

-Жогоруда айтып өтпөдүмбү, анча-мынча ырларым радиодо жаңырып атат деп. Учурда чакырган жерлерге барып, ырдап атам. Мисалы, ырчы Майрамбек Осмонов, Каныкей Эралиева эже, Сагын Ниязалиева,Ырыс Окенова ушул инсандар мага дем берип, ырда деп чакырып турушат. Аларга рахматымды айтып, ыраазычылыгымды билдирем. Азыр башка ырчылардай болуп эле кээде тойлорго, анча-мынча жакшы санаалаштардын жакшылыгына барып ырдап койгонум болбосо жашоом мурдагыдай эле өтүп атат.

— Жакында 50 жаш юбилейиңизди өткөрдүңүз. Тоюңузга кимдер келишти, дегеним, Жаныбек агайдын сахналаш жоро-жолдоштору, кесиптештери келиштиби?

-Үстүбүздөгү жылдын 14-январында элүү жаш юбилейимди өткөрдүк.Балдарым тойго даярданып коюшкан экен, айласыздан макул болдум. Менин 50 жаш юбилейиме Жакем барда эле катташып жүргөн артисттер, ырчылар, куудулдардын бардыгы келип куттуктап кетишти. Жакемдин 50 жылдыгын учурунда чоң ресторанга той бербесек да Кожомкул атындагы спорт ордосуна чыгармачылык концертин өткөргөн элек. Бирок концерт бергенде ошол жерге эле фуршет кылып,концертке келген чыгармачыл чөйрөгө чай бергенбиз. Ал өзү деле чоң той бергенин анча каалаган эмес.Ошол кезде чынын айтсам чоң юбилей, той өткөрүү деле азыркыдай эмес болчу. Ал кезде балдары да жаш эле, ошондо балдарым Жанарбек менен Манас айтты эле атамдын 55 жашын өзүбүз өткөрөбүз деп. Бирок балдарымдын ал тилеги аткарылбай калды, Жакем 55 жашка да чыкпай калды.

-Жаныбек агай менен канча жаш айырмаңыздар бар эле, дегеле агай канча жашында көз жумду, канча баласы артында калды?

-Жакемден тогуз жаш кичүү болчумун. Жаныбек элүү төрт жашында көз жумду. Жакемдин мурунку жубайынан эки кыз бир уул, менден үч уул бар. Уулдарыбыз Жанарбек да, Манас да үйлөнүп бала-чакалуу болушту. Кичүүсү Белорусияда. Жакем Жанар менен Манастын үйлөнгөнүн көрбөй кетти. Ал эми уулу Алмаздын үйлөнгөнүн,неберелерин, кызы Айжандын турмушка чыкканын, анын балдарын көрүп кетти.

-А балдары бири-бири менен катташып турушабы?

— Ооба алар бири-бири менен жакшы катташып, бири-бирин колдоп,жакшылыктарына чакырып турушат.

— Убагында Жаныбек агай балдарынын ийгиликтери менен сыймыктанчу эле. Кичүү уулу спорт менен машыгат деп анын медалдарын көрсөткөнүн көргөм. Учурда балдарыңыз эмне иш менен алектенип жүрүшөт?

— Жакем медалдарын көрсөткөн уулубуз көкүрөк күчүгүбүз он сегизге толду. Жараткан уулдарымдын өмүрүн берсин, кичүү уулубуз Гүлжигит Кудайдын буйругу менен Белорусияда. Футболист. Ал эми андан улуулары өз иштери менен иштеп жүрүшөт.

-Жаныбек агайдын убагында мамлекеттик наам албай калганы өкүнүчтүү болду. Дегеле анын кандай кыялдары аткарылбай калды?

-Жакем өзү көп нерселерге кейий бербеген ак көңүл, баардык нерсени кандай болсо ошондой кабыл алганадам болчу. Ал мамлекеттик сыйлык, наам албай кетти. Бирок бул жактагы жана коңшу мамлекеттерде өткөн ар кандай сынактарга катышып, сыйлыктарды алып, жеңишке жетишип, гран-прилерди алып жүрдү. Москвага барып орустардын куудулу Петросян менен жолуккан эле.Жакем өмүрүнүн акыркы кездеринде ошол “Кривое зеркало” шоусуна барып, ошол жактан чыксамбы деген ойлору болуп жаткан. Ал орусчаны абдан мыкты сүйлөчү. Негизи эле Жакем билимдүү, интеллеги жогору эле .Жакеме жолуккан ар бир экинчи киши эле эмнеге Россияга барбайсың, Петросяндын программаларына тартылбайсыңбы деген суроолорду көп беришчү.

-Жашоодо эмнеге шүгүр келтиресиз жана эмнеге өкүнөсүз?

— Жашоомдун баарына эле шүгүр дейм. Албетте, Жакемдин эрте көзү өтүп кеткенине кейийм. Пенде болгондон кийинар кандай нерселерге өкүнүп, кээде шүгүр келтирген убактар да болбой койбойт экен.Ал эми жалпысынан ушул жашообузга, тагдырыбызга Кудайга шүгүр келтирем. Эли-журтубуз аман болуп, балдарымдын бактысын, өмүрүн Кудайдан тилейм.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу