«Азаттык» радиосу менен Zanoza сайтынын банктык эсептери камакка алынды

Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык Медиа» менен «ПроМедиа» (Zanoza) коомдук фондунун банк эсептерин камакка алды. Судья Жылдыз Жумабаеванын мындай аныктамасы 14-мартта кабыл алынганы 22-мартта белгилүү болду.

Анда Кыргызстандын Башкы прокуратура өкүлү президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо тууралуу сотко кайрылып, «Азаттык Медиа» менен «ПроМедианын» болгон мүлкүн жана акча каражатын камакка алууну өтүнгөнү айтылат.

Сот Кыргызстан банктарынан «Азаттык Медиа» менен«ПроМедианын» банктык эсептери тууралуу маалыматтарды талап кылуу жана «Азаттык Медианын» 10 миллион, Zanoza сайтынан 3 миллион сомдун чегиндеги каражатты камакка алуу тууралуу аныктама кабыл алды.

Мурдараак Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын коргоо тууралуу «Азаттык» радиосу менен Zanoza интернет-басылмасына каршы доо арыз берген.

Булак: «centralasian.org»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу