“Азаттыктын” журналисттери АШАнын командасын ачык колдоп акыйкаттыктан тайып барат

2018  АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган “Азаттык” үналгысы акыркы кездери бир тараптуулукка көбүрөөк жол берип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасына ачык эле тарта баштады. Буга аталган мекеменин айрым кызматкерлеринин АШАнын колунан “белек”, же башка кызыктыруучу нерсени алып алганы себеп болуп жаткандай. Бүгүнкү күндө болсо “Азаттыкта” иштеген кызматкерлер журналистиканын этикасын жыйыштырып, Сапар Исаков баштаган “шектүүлөрдү” социалдык тармактар аркылуу пиарлап жатат. Сөзүбүз куру болбошу үчүн конкреттүү фактыларга таяналы. Маселен, “Азаттыктын” кабарчысы Самат Жумакадыров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Сапар Исаковду жактап, анын коомдук башталгычтагы “адвокатына” айланды.

Исаковдун сот иштерине жетип барып, аны күнөөсүз адамдай көрсөтүүгү далбастап, журналистиканын этикасын тепсеп жатат. Анын бул кадамы эл аралык журналистканын эле эмес, “Азаттыктын” да принциптерине каршы келет. Мисалы, журналист С.Жумакадыров 7-августта жазган постунда Сапардын өзүнө эле эмес анын жактоочусуна да адвокат болгон. “Кичине арыдан бери болбойбу. Сапардын күнөөсүн далилдей албаган органдар эми адвокатына асылып киришти. Бул жерде Нурбек Токтакунов барган сайын Сапардын күнөөсү жок экендигин так далилдеп келе жатат. Эгерде эле ушул бойдон кетсе, Сапар жеңил эле акталып, бийликти уят кылары шексиз”, — дейт ал. Учурда эл кадырлаган “Азаттыктын” бейтараптуулугун, кадырын ушундай чала сабат журналисттер кетирип, коомчулукту иренжитүүдө. Ал эми сайтына Атамбаевди сындаган комментарийлерди чыгарбай, бийлик өкүлдөрүн кемсинткен пикирлерге артыкчылык берүүдө. Прагадан туруп олчойгон айлык алып жаткан жетекчи Венера Сагындык кызы ушундай көрүнүштү билет бекен? Билсе да көз жумуп, же атайын ушул багытта иштеп жатабы? Кыскасы “Азаттык” айныды. Булар бир тараптуулуктан кайтып, баарына бирдей мамиле кылбаса кадыры кеткени турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу