Азамат Шаршекеев, экономист: “Чет элдик олигархтар жөн жерден шайлоого аралашпайт, аларга кыргыздын кен байлыктары керек”

— Азамат мырза, президенттикке талапкерлердин айрымдарын, тактап айтканда Өмүрбек Бабановду чет элдик олигархтар колдоп жатканы айтылууда. Миллиарддаган акчасы бар адамдар Кыргызстанга эмне үчүн кызыгып жатышы мүмкүн? Эгер алар колдогон талапкер президент болуп калса Кыргызстанга кандай жардамы тиет деп ойлойсуз?

— Олигарх дегенди кыргызча жөнөкөй тил менен байлыкка көзү тойбой калган адам деп түшүнсөк болот. Бул бир чети оору. Миллиарддаган акчасы бар адамдар жалаң гана пайданы ойлойт. Алардын дээрлик 90 пайызы эч качан кайрымдуулук иштерин жасабайт. Ал эми Кыргызстандын президенттик шайлоосуна аралашып, кийлигишип жаткан олигархтар биздин кол тийбеген кооз табиятыбызга, андагы кен байлыктарга кызыгып жатышы мүмкүн.

— Олигархтар Кыргызстанга пайда алып келеби?

— Эч качан жардам кылбайт алар. Болгону ири кен байлыктарыбызды өздөрү колдогон президенттин колу менен ташып кетет. Булардын максаты эле ушул. Андыктан элибиз муну так билиши керек. Ошого жараша өз чечимдерин чыгарышы зарыл.

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу