Видео — Азамат Жамангулов, Маданият, маалымат жана туризм министри: Маданият тармагында коррупция бар экенин мен да билем

-Азамат мырза, министр болом деген аракеттерди көрдүңүзбү?

-Жок. Эч кандай аракет көргөн жокмун. Министр болуу оюмда да жок болчу. Ойдо жок жерден сунуштап калышты, ойлонуп көрүп, макул болдум.

-Ишти эмнеден баштайсыз?

—Жаңы кызматка киришип жаткандан кийин биринчи кезекте бүгүнкү күндө кандай көйгөйлөр бар экендиги анализденип чыгышы керек. Эми көйгөйлөрдүн баарын өзүбүз билебиз. Бүгүнкү күндө театрларга, музейлерге, китепканаларга эл барбай калды. Мунун себебин аныкташ керек. Маданий жайлар руханий азыктын ордосу болушу керек эле. Биринчи кезекте ушул маселенин үстүндө иштейбиз.

-Программаңызды даярдап келдиңизби?

-Азыркы учурда көз карашыбызды гана айтып жатабыз. Жакын арада өзүбүздүн программабызды киргизебиз го деп ойлойм.

-Маданият тармагы да бир топ коррупциялашып кеткенин эл жакшы билет. Сиз дагы билесиз. Бул боюнча жетекчи катары кандай чара көрөсүз?

—Эми кээ бир маселелер боюнча кайсы жерлерде кемчилик кетип жаткандыгын жакшы билем. Ал жерлерге таза иштеген кишилерди алып келгенге аракет кылам.

-Кээ бирмаселе боюнча билем деп жатпайсызбы. Ошону ачык айтсаңыз?

—Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча бир канча маселелерди көтөрүп жатышат. Негизи эле бул тармакта туура эмес колдонулуп жаткан акча каражатына байланышкан маселелерди чечебиз.

https://youtube.com/watch?v=_4q-IfLUA3A

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу