АЗАМАТ Болгонбаев: “Төкмөлүк өнөрдү аркалап калганыма өзүм таң калам”

Кыргыз элинин төкмө уулдарынын бири Азамат Болгонбаев жакында КТРКнын коомдук байкоочу кеңешине мүчө болду. Жаш күнүнөн ар кандай коомдук иштерде жигердүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан төкмө акын менен маектешип, акыркы жаңылыктары жана артта калган күндөрү тууралуу маалымат алдык.

– Азамат мырза, кепти КТРКнын коомдук байкоочу кеңешине мүчө болууңуздан баштайлы?

– Чыгармачылыктын негизинде коомдук иштерге катышып келе жатканыма 10 жылдын жүзү болуп калды. КТРКнын коомдук байкоочу кеңешине “Айтыш” коомдук фондунун атынан талапкерлигимди койдум. Деги эле мамлекеттин жараны катары мыйзамдык, конституциялык укуктарымды пайдаланып көрөйүн дедим. Натыйжада ЖКнын депутаттарынын колдоосу менен мүчөлүккө өттүм. Улуттук идеологиянын коопсуздугу ар дайым сакталышы, корголушу керек. Коопсуздуктун ар кандай багыттары болот. Анын ичинде маалымат коопсуздугу да бар. Аны сактай турган бирден-бир тармак — бул КТРК. Деги эле мен элиме кайдыгер эмесмин. Андыктан бул тармактын ишин мындан да жакшыртууга колдон келишинче аракет кылам.

– Бийлик сөзүн сүйлөө аргасыздыгы туулат деген чочулоо болгон жокпу?

– Элде эмнегедир ушундай көз караш калыптанып калган. Бирок биз демократиялык коомдо жашап жаткандыктан атайын буйрутма берүү, кысымга алуу деген нерселер болбойт деген ойдомун. Андай болсо да ага курман болуп калбоого аракет кылабыз. Деги эле биздин аракет коомдун өсүшүнө салым кошуу болгондуктан, ошол багытта  иш кыла бермекчибиз.

– Өзүңүздү биринчи ирет теледен көргөнүңүз эсиңиздеби?

– Албетте, алгач 2001-жылы 18ге да толо элек курагымда Замирбек агайдын 50 жылдык мааракесинде Амантай байке менен өнөктөш болуп телеге тартылгам. Бул менин эле эмес, туугандарыбыздын, айрыкча ата-энемдин чоң кубанычы болгон. Теле деген жакшы нерсе, андан адам өзүнүн кемчилигин даана көрөт. Төкмөлүк өнөрдө, ар кандай көрсөтүүлөрдү алып барууда тажрыйба топтоп, изденүүмө теленин салымы чоң.

– Төкмө болуу кыялыңыз болуп анан ишке аштыбы же бала күндөн бул өнөр менен бирге жашап келе жатасызбы?

– Төкмөлүк — улуу өнөр, аруу өнөр, бийик өнөр. Чынын айтсам, бул өнөрдү кандайча аркалап калганыма өзүм да таң калам. Себеби азыркы төкмөлөрдөн Элмирбек Иманалиев айтылуу Эшмамбет акындын жээни, Жеңишбек агабыз Арстанбектин тукуму, Амантай акын таланттар чыккан Таластан, Аалы Алымкул чыккан куттуу жерден. Мен болсо бул шаар четиндеги Арашан айылынанмын. Ойлосом мектеп босогосун аттаганы эле чыгармачылык жолго багыт алган экенмин. Ата-энемдин көрөгөчтүгүбү же кыялы болгонбу мектепке барарым менен Өзбек Кадыркулов деген кишинин комуз ийримине каттатып коюшкан. Бала күнүмдөн ал инсандан комуз сырларын үйрөнүп, өнөр тааныдым. Ошентип колумдан комуз түшпөй жүргөн жылдары коңшу айылда турган Абдылашым Ысмайыл деген киши мени издеп келиптир. Келип эле мага: “Жамактап ырда”, — деди, мен ал кандай ырдоо экенин билбейм. Анан Осмонкул акын тууралуу 8 сап жазып берип: “Эртең жаттап алып үйгө кел”, — деп кетти. Эртеси 5 чакырым жерди жөө басып барып ырдап берип, ошону менен ал кишиге байланып калдым. Балалык кылып анча алыс жолдон тажап да кетпептирмин. 3 жыл бою 5 чакырым жерге каттап ырдай бердим. Кээде борборго алып келип радиолорго ырдатчу. Эсимде, бир жолу автобуска отуруп айылга кетели деп атып эле кайра бир жерге кайрылып калдык. Көрсө, ошондо “Аламүдүн” базарындагы радиотүйүнгө ырдап үнүбүздү жаздырган экенбиз. Ушинтип жүрүп кийин Ашыралы, Тууганбай аталарга, Замирбек агага жолуктум. Замир байке ошондо мага: “Мектепти бүткөн соң Искусство институтуна кел. Мен ошол жакта иштейм”, — деген эле. Бул кеп мени шыктандырып, кийин биротоло өнөр тармагын тандап кеттим.

– “Айтыш” фондунун жетектөө иштерине канча жашыңыздан баштап аралаштыңыз?  

– Элмирбек Иманалиев өкүл атам болот. Ал кезде бирге окуган курсташым эле. Студент кезде “Айтыш” фондуна мүчө катары байма-бай барып турчу элек. Окууну аяктап жаткан 2004-жылы Элмирбек байке: “Башканы эмне кыласың, төкмөлүк менен эле кет”, — деп фондко чакырып калды. Ошентип окууну аяктарым менен ал жакка жооптуу катчы болуп дайындалдым. 2010-жылга чейин бул иште Садык Шер, Элмирбек агаларыма жардам берип жүрүп, кийин тең төрага болуп шайландым. Алты жыл бул милдетимди жакшы аткарууга болгон күчүмдү жумшап, сахнанын бир бурчунда акча санап, байге бөлүштүрүп, бир бурчунда сатылган билеттердин отчётун дайындап, ага катар өнөрүм калып калбасын деп комузумду алып сахнага чуркап ырдап жүрдүм. Бул иштеримди жетекчилик деле дебейм. Бирок Садык Шер-Нияз, Элмирбек, Шайырбек агаларыма жардам, айтыш өнөрүнө аз да болсо кошкон салымым деп эсептейм.

– Акын Мирлан Самыйкожо менен биргелките “Устат” деп аталган академияны негиздедиңиз, ишиңиздерде кандай жылыштар болуп жатат?

– Ооба, 2016-жылы чыгармачылыктагы досум Мирлан менен “Устат” академиясын негиздөөнү колго алдык. Биздин академиянын максаты – кыргыз тилдүү сабаттуу, билимдүү журналисттерди тарбиялап чыгуу. Расмий каттоодон өтүп, өткөн жылдын сентябрь айында ачылышын кылып, ишке киришкенбиз. Кудай буюрса, ишибиз жолго түшүп, жакшы жылыштар болуп жатат. Ойлогонубуздай устаттык кылып, мамлекетке салыкты убагында төгүп дагы алга жылууга аракет кылып жатабыз.

– Баш байгеңизди жаш төкмөгө тартуу кылып кубандырганыңызга эл күбө. Берешендик табиятыңызда барбы же мындай сапатка кийин үйрөндүңүзбү?

– Карапайым жашоодо деле колу ачык жигитмин. Бирок болгон ырыскымды чача бербейм. Болуп калган, толуп калган учурда жакшылыкка себеп болууга колумдан келишинче аракет кылам. Мындай байге өткөрүп берүүлөр көп эле болду. Андан улам аксакалдардан тамаша-чыны аралаш тил уккан да жайым бар. Бирок мени башкысы жаштардын шыктанып, демине дем кошулуп калганы кубандырат.

– Бир убакта бир нече иш менен алексиз, үй-бүлөңүздү таарынтпай убакыт бөлүп турасызбы?  

– Чыгармачылык иштер менен ар багытта иштеп келем. Мисалы, былтыр филармониядагы ишим, “Устат” академиясынын негиздөө иштери, “Айтыш” фондунун жумуштары, Искусство университетинде сабак берүү, теледе алып баруучулук, чек ара ансамблинде ырдоо болуп чын эле бир топ ишти бир убакта моюнга алуума туура келди. Бирок кандай болгон күндө да үй-бүлөмө убакыт табам. Себеби ар бир жигиттин аркасындагы чоң тиреги үй-бүлөсү эмеспи. Апам менин колумда. Келинчегим Жайнагүл  апам, үч балам менен үйдө. Арашан айылы жаратылышка жакын эмеспи, иштен эрте барган күндөрү апамды, балдарымды машинеме салып тоо-ташты кыдырып, жаратылышка чыкканды жакшы көрөм. Убактым кенен болгондо балдарымды шаарга алып чыгып, атайын эс алуу жайларында ойнотом.

– Жубайыңыз чыгармачылык түйшүгүңүздү түшүнөбү?

– Албетте, Жайнагүл да өнөр адамы. Улуттук консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн аяктаган. Аял киши балага карап үйдө кармалып калат эмеспи. Жайнагүлдө да ушундай учур болуп жатат. Буюрса, алдыда анын өнөрүнө да жалпы эл күбө болот деп ойлом.

– “Чыгармачыл адамдар чарбачылыкка жок болушат” дешет, бул кеп сизге тиешелүүбү?

– Андай деле эмес. Бала күнүмдөн кара жумушка жакшы эле бышкам. Союз учурунда биздин аймак жаңы түптөлүп, жерибиз абдан таш-кумдуу эле. Жер-жемиш тигүү үчүн анын баарын колго тырмап тазалап, тынбай иштечүмүн. Анан да эмнегедир отун жыйганды абдан жакшы көрчүмүн. Куураган дарактарды кыйып жарып жаным тынчу эмес. Аны кыл деген деле киши жок, өзүм эле убара боло берчүмүн. Үйгө келгендер жыйнаган отунума суктанып кетишчү. Анан да техникалык нерселерди жасоого абдан кызыгам. Балама өзү жүргөн машинаны өз колум менен жасап бергим келет. Үйрөнүү үчүн интернеттен маалыматтарды карайм. Бирок көкүрөгүм каалаганы менен акылым жетпейт.

– Мал союп, устукан тартканды билесизби?

– Ушул жагынан кемчилигим бар. Кызыкпагангабы, мал союуну да, устукандаганды да билбейм. Бирок устукандарды тааныйм.

– Сизди келечекте саясаттан көрүшүбүз мүмкүнбү?

– Ал азырынча белгисиз. Акындык өнөр өзү чоң саясат. Ал улуттун идеологиясын жүргүзөт. Али таалим алчу, үйрөнчү нерселерим көп, андыктан жакынкы жылдары өнөр менен эле алек болом. Ал эми саясатка барарым убакыттын иши.

Гүлайым КАЛЫБЕКОВА 

Булак:LADY.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу