Азамат Арапбаев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Мамлекет айып пулдарды акча табуу максатында эмес, тартипти күчөтүү үчүн көтөрдү”

– Азамат мырза, жол эрежелерин бузгандарга айып пулдардын көбөйүшү боюнча коомчулуктагы көз караш бирдей эмес. Аны колдогондор да, каршы болгондор да көп. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– Жол эрежелерин бузгандарга карата айып пулдардын көтөрүлгөнү – бул керектүү, зарыл чара болду. Эми мен ишенем, айып пулдардын көптүгүнөн жолдо тартип орноп, кырсыктар азаят. Мамлекет айып пулдарды акча табуу максатында эмес, тартипти күчөтүү үчүн көтөрдү. Бирок, ошол эле учурда бул мыйзамда кээ бир алешемдиктер да бар. Юридикалык тарап менен физикалык тараптардын ортосундагы айып пулдарда кээ бир пункттар боюнча үч, кээ бирлери боюнча жети эсе айырма бар. Айдоочулардын укугу да, милдети да, жазасы да бирдей болушу керек. Бизде жүк ташуулардын 90 пайыздан ашууну автоунаалар аркылуу ишке ашырылат. Жүк ташуучу компаниялар элге кызмат көрсөтүп, салыгын төлөп атат. Анан кокустук да, кээ бир айдоочулар байкабай кызыл чырак күйүп турганда өтүп кетиши мүмкүн. Ал албетте, жазаланышы керек. Бирок, физикалык тарап менен тең өлчөмдө. Эмне үчүн сиз кызыл чырактан өтүп кетсеңиз, айталы, 3 миң сом төлөп, ал эми ошондой эле эрежени бузган жүк ташуучу машинанын айдоочусу беш эсе көп төлөшү керек? Мындай айырмачылык болгондо компаниялар көмүскө ишмердүүлүккө өтүп, машиналарын жеке адамдарга каттата башташы мүмкүн. Натыйжада салыктарды төлөө азаят. Кыскасы, терс гана натыйжа болот.

– Айдоочулук ишеним каттар мурда үч жылга чейин берилчү. Азыр анын мөөнөтү үч айга чейин кыскарып атат. Бул кандай таасир этиши мүмкүн?

– Азыр бизде «Коопсуз шаар» системасы кирип жатат, Кудай буюрса, ал иштейт. Жол эрежелери бузулган учурда айып пулдар минген адамга эмес, машинанын ээсине келет. Мына ошондуктан, «сатып алуучу ишеним кат менен көп жүрбөсүн, ызы-чуу чыкпасын, дароо өзүнө өткөрүп алсын» деген максат менен өкмөт ошондой кадамга барып жатат. Ал туура эле. Кеп анын мөөнөтүндө. Кечээ биз министрге «эмне үчүн беш эмес, үч ай?» деп суроо бердик. Бирок, ал так жооп бере алган жок. Азыр айып пулдар жогоруда. Бир айдын ичинде эле он миңдеген сом айып салынып калышы мүмкүн. Ошон үчүн каттоо мөөнөтү кыскартылышы керек.

– Жаңылбасам, кесиптешиңиз Айсулуу Мамашова айтты окшойт. «Көп кишилер автоунааны сатып алганда дароо эле өзүнө каттатпаган себеби, каттоо баасы кымбат. Эгер каттоо үчүн төлөнчү акы арзан болсо, ишеним каттарды берүү да азаймак» деди. Чын эле балким, каттоо акысын төмөндөтүү керектир?

– Былтыр төлөмдөр бир топ жеңилдетилген. Менимче, азыркы баалар алгылыктуу эле.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу