Азамат Абсаттаров: «Журналистикадан кеткен жокмун»

Себеп….
Достор! Мен Ош шаардык мэриясынын Коомчулук менен байланышуу бөлүмүнө келдим. Колдон келишинче мэр менен журналисттердин, тургундардын ортосунда көпүрө болушка аракет кылам. Ар бириниздердин жардамыныздар керек. Айрыкча журналисттер менен ачык, тыгыз иштейбиз. Кандай гана маселе болбосун айтыныздар. Колдон келишинче жардам кылышка аракет кылабыз. Ош баарыбыздын сүйүктүү шаарыбыз. Ошту мындан ары да гүлдөп өнүгүүсүнө салым кошолу! Жаны шаар башчысынын ишине колдоо көрсөтүп, сунуштарды ачык айтыныздар. Мен кыйратам деп келген жокмун. Сарыбашовдун иштей алышына, элге кызмат кылышына, шаардын, өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошо алаарына ишенип келдим. Канча ай же жыл иштейм ал мага карангы. Болгону таза иштеп, ачыктыкты киргизип кетсем деген максат бар. Эн биринчи АКИпресс маалымат агенттигине ыраазычылык. АКИпресс аркылуу көп нерсени үйрөндүм. Колдон келишинче 5 жылдай иштедим. Жакшы-жаман жанылыктарды жазсам да, карапайым адамдар батасын берип, көйгөйү чечилгендер көп болду. Сын үчүн душман катары кабылдагандарда болду. Бул иш, бул жашоо…Мэрияда иштегеним менен ошол Азамат бойдон калам. Керек болсо чындык ушул жерде да айтылат. Журналистикадан кеткен жокмун. Элдин үнүн жеткиребиз! Каалоо тилек айткандарга, кеткениме «ичи ачышкандарга», барыныздарга рахмат.

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу