Азамат Абдыкадыров президентке тил кайрыды

«Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыров кызматка мингенден бери чеке жылытаарлык иш жасабай, элдин үмүтүнө суу сепкенин жазып келгенбиз. 14-декабрдагы Коопсуздук Кеңештин жыйынында Президент дагы Абдыкалыковдун мажирөөлүгүн сынга алып, ишенимди актабай жатканын ачыкка чыгарды. Кызыгы, бети табактай болгон Азамат айтылган сындан туура жыйынтык чыгарбастан долу катынча догурунуп, негизсиз сынга алды деген митайымдык менен өлкө башчысына тил кайрыптыр. Эгер иштеп жатканы чын болсо фактыны көрсөтүп коюп шүк отурбайбы, жалпы журтка жалаяктай билдирүүнү таратпай. Бул кызматтык этикага дагы туура келбеши анык. Же бул көпкөн эргул муну түшүнгүсү келбейби?

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу