Азалия эл аралык сулуулар сынагына катушууда…

Эсиңиздерде болсо ырчы Азалия Кыргызстандын атынан Малайзия өлкөсүндө өтө турган «Miss Cosmopolitan World-2018» сулуулар сынагына катышары тууралуу өткөн сандарыбызда маалымдаган эле. Бул сынакка жалпысынан 32 өлкө катышып, 1-22-октябрга чейин өтөт. Учурда Азалия Малайзияга барып, сынакка катышып жаткан кези. “Атайын сынакка бир күн калганда бардым, тосуп алышты. Учурда катыша турган кыздар келип башташты. Башында 40 өлкө катышат деп айтылган болчу. Айрым себептерден улам катышуучулардын саны 32 ге кыскарыптыр. Баарыбызды бир бөлмөгө 3 кыздан жайгаштырышты. Мен Латын Америкадан жана Түштүк Кореядан келген кыздар менен  жашап жатам. Бири-бирибиз менен сөздөрдү интернеттен  которуп сүйлөшүп жатабыз”,- дейт Азалия. Кыргызстандын атын алыска таанытууга аракет кылып жаткан Азалияга ийгилик каалайбыз! БУЛАК: Супер-Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу