АЗАЛИЯ, ырчы: “ Жүрөгүмдүн ээсин таптым деп ойлогом…»

“Кыз-Бурак” тобунун мурунку ырчысы, темирдей бекем айым Гүлшайыр Садыбакасованын тарбиясын алган Азалия азыркы учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантууда. Гезиттин бул санында ырчы айым акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы, Азалия? Сизди жеке ырчы катары таанып калыштыбы же дагы деле “Кыз-Бурак” тобунун экс-солисткасы катары таанышабы?

– Саламатчылык, жеке ырчы катары чыкканыма 1 жыл болду. Былтыр эң алгачкы “Өмүр белеги” аталышындагы ырымды жаздырып, клип тарттык. Ага удаа эле “Жаныңда” аттуу ыр жаздырып, клип тарттык. Менимче, жеке ырчы үчүн 1 жыл аздык кылат. Ошондуктан мени “Кыз-Бурактын” мурунку мүчөсү катары таанышса керек.

– Жаңылыктарым көп деп калдыңыз эле?

– Буюрса, 1-22-октябрь аралыгында Малайзия өлкөсүндө өтө турган Miss Cosmopolitan World-2018 эл аралык сулуулар сынагына катышууга даярданып жатам. Бул сынакка катышууну мага модель курбум сунуштап калды. Сүрөттөрүмдү жөнөтсөм мени тандашты. Бул сынакка жалпысынан 40 өлкө катышат экен. Кыргызстандын атынан мен барам. Эң башкысы, катышуу эмеспи, ошентсе да жеңишке жеткенге аракет кылам. Биринчи жолу чоң масштабдагы сынакка катышып жаткандыктан, толкундоолор болуп жатат. Ошондуктан азыр фигурамды калыбына келтирүү үчүн спорт менен машыгып, табигый каражаттар менен арыктап жатам. Сынакка катышып жатам деп эле чыгармачылыгымды экинчи планга жылдырып койбой, “Алыстадым” аттуу жаңы ыр жаздырууга да жетиштим. Андан тышкары ушул жылдын апрель айында жергиликтүү телеканалдардын бири уюштурган “Кош жылдыз” аттуу теледолбооруна алып баруучу, тамада Алмаз Шер байке менен катышып, жогорку баа алып, кийинки турга өткөнбүз. Буюрса, экинчи тур 24-25- ноябрда болот экен. Сынактан келгенден кийин ал долбоорго даярдыктар башталганы турат.

– Подиумда басып, моделдик кесиптин оош-кыйышын жон териңиз менен сезип көрдүңүзбү? Мурда да модель катары подиумда бастыңыз беле?

– Мурда модель катары өзүмдү сынаган эмесмин. Бирок жакында белгилүү дизайнер, модельер Арзубек Вонаманын чакыруусу менен кечеге ырчы катары эмес, подиумдагы модель катары катыштым. Мага абдан жакты. Ар бир нерсенин артында сөзсүз кыйынчылык болоруна дагы бир ирет ынандым. Себеби бир жолу басып чыгыш үчүн жок дегенде 5-6 сабак алыш керек экен.

– «Жүрөгүмдүн ээсин таптым» деп айткан жайыңыз бар эле?

– Жүрөгүмдүн ээсин таптым деп ойлогом. Таарынычтар болдубу, айтор, экөөбүздүн ортобуз алыстап кетти. Ошол үчүн ырымдын аталышы “Алыстадым” деп аталат. Ал эми “Өмүр белеги”, “Жаныңда” деген ырларым бактылуу сүйүү жөнүндө. Бир байкаганым, жан дүйнөң кандай абалда болсо ошол тематикада ырдагың келип калат экен. Азыр деле байланышып турабыз. Мен өзүмдүн жумуштарым менен, ал өзүнүн бизнеси менен алек. Экөөбүз тең 28 жаштабыз. Жашырганда эмне, колумду сураган, бирок ошол учурда мен турмуш курууга даяр эмес болчумун. Мен даяр болгондо анын шарты болбой калды. Улам жашыңа жаш кошулган сайын жашоого башкача көз караш менен карап калат экенсиң. Кыз узатуу, үйлөнүү үлпөт той, жадакалса бардык кыздар кыялданган ак көйнөк кийүү да маанилүү эмес, эң негизгиси сүйгөн адамың менен түбөлүк кол кармашып, түтүн булатып жашай аласыңбы деген суроого жооп берүү керек деп ойлойм. Чыныгы мырза чечкиндүү, жоопкерчиликтүү, сөзүнө турган болуусу керек. Азыркы учурда жеке жашоомо караганда чыгармачылыгыма, сынакка даярданууга көбүрөөк убакыт бөлүп, жеке жашоом экинчи планда калды.

– Жашооңузду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк болсо эмнесин өзгөртмөксүз?

– Муну айтыш керек беле, билбейм, бирок мен 18 жашымда эле турмушка чыгып кетсем болмок экен деп ойлоп калам. Жаш кезиңде турмушка чыгып кетсең кыз киши үчүн туура окшойт. 20 жашымда бир жигит колумду сураганда сунушун четке кагып койгом. Анткени ал учурда өтө жаш болчумун. Азыркы 20 жаштагы кыздардай эмес, 15 жаштагы кыздын деңгээлинде элем. Ал учурда мен үчүн карьера биринчи орунда эле. Өкүнбөйм деле, болгону кээде ушул сыяктуу ойлор келет.

– Сизге эң көп берилген суроо?

– “Турмушка качан чыгасың?” деген суроо (күлүп). Акыркы күндөрү туугандарым эмес, Инстаграмдан көп сурашчу болду

– Социалдык тармактардагы өздүк баракчаңызда “мага ким жамандык кылса, жаман сөз айтса, кечирбейм” деп айтканыңыз бар. Кекчил окшойсуз?

– Негизи мен мага кандай мамиле кылышса, эки эсе жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Азыркы учурда адамдар бирөөнүн ою, көңүлү менен эсептешпей калган сыяктуу. Сиз айтып жаткан билдирүүдө мага ким кандай мамиле кылса, мен да ошондой мамиле кылам деген мааниде жазган болчумун. Ошондо кекчил болуп калат окшойм.

 Чыгармачылыгыңызга ийгилик!

«Жаныңда” аттуу ырыма клип тартуу учурунда».

Жаңыл Ниязбекова

БУЛАК:Супер Инфо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу