Азалия менен Айзаданын ырларынын обону талашка түштү…

Азалия деген ат менен таанылган «Кыз-Бурак» тобунун мурунку солисти, өткөн жылдын сентябрь айында жаздырган ырын учурда башка бирөө жаңы сөз жаздырып, ырдап чыкканын белгилүү ММКлардын бирине айткан.

«2018-жылдын сентябрь айында «Алыстадым» аттуу ырымды жаздырып, радио жана сайттарга берип коюп, өзүм сулуулар сынагына катышуу үчүн кеткем. Ошону менен ыр өлкөдөгү радиолорго менин авторлугум менен тарап калган. Эми кечээ эле ошол ырды Айзада Болотбекова деген жаңы ырдап чыгып келе жаткан кыз башка сөз жаздырып алып ырдап жатканын угуп калдым. Дароо ырдын обонун жазып, аранжировкасын жасап берген Азамат Такырбашевге кайрылдым. Ал «Ырлардын обондору окшош болуп калыптырбы? Бул жерде катачылык кетти окшойт. Мен Айзада менен сүйлөшүп, башка ыр жазып берүү боюнча айтып көрөйүнчү» деп койду”.

“Анан Айзада Болотбекованын номерин таап сүйлөшсөм, ал ырды Такырбашевден 300 долларга сатып алганын айтты. Мен да ал ырга 21 миң сомдун айланасындагы каражат коротком. Убакытым кеткен, өзүм Азамат Такырбашевдин жанында отуруп, ноталарды, аранжировканын эффекттерин тандап чогуу иштегем. Анан эле тапкан наныңды тарттырып отуруп калган жаман экен», — деген ырчы Азалия.

Ал эми учурда Азалиянын «Алыстадым» аттуу ырына башка сөз жаздырып, «Арноо» деген аталыш менен ырдап чыгып жаткан Айзада Болотбекова бул ырды интернет каналдардан алдырбай турганын айткан.

«Мен Айзадага байланышып, ырды алдыр, Такырбашев сага башка ыр жазып берем деп жатат десем, ал дагы бул ырга 3 ай убактысы, акчасы кеткенин, башка ыр жаздырууга дагы убакыт кетерин айтып жатат. Эми бул абалды кандай жол менен чечеримди билбей жатам», — деди ырчы.

Азалия аткарып жүргөн «Алыстадым» аттуу ырдын сөзү Тимур Салиевге, обону Азамат Такырбашевге таандык. Ал эми Айзада Болотбекова ырдап чыккан «Арноо» аталышындагы ырдын сөзүнүн автору Санаа Кирекеева, ал эми обонунун автору Азамат Такырбашев.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу