Ажырашуунун эң башкы себеби төшөк маселесиби?

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылы Кыргызстанда жалпысынан 43 миң 350 түгөй никеге туруп, 9 миң 588 жуп ажырашкан. Башкача айтканда, өлкөдө саат сайын бир үй-бүлөнүн очогу бузулган. Азыркы учурдагы үй-бүлөнүн баалуулугу, ажырашуулардын себептери, үй-бүлөлүк көйгөйлөрдүн алдын алуу тууралуу тажрыйбалуу психолог Ильдар Акбутин менен маектештик.

— Саламатсызбы? Акыркы учурда үй-бүлөнүн баалуулугу жоголуп бараткансыйт. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

— Саламатчылык. Өз ара түшүнүү, сүйүү, бири-бирине берилгендик сыяктуу үй-бүлөлүк баалуулуктар бар. Андан сырткары каада-салттар жана маданият бар. Баалуулуктар кылымдар бою өзгөрүлбөй келет, ал эми каада-салттар жана маданият убакыттын өтүшү менен өзгөрөт.

Мурда аялдын укуктары чектелип, эркектен жана коомдук пикирден бардык нерседе көз каранды болуп, турмуш тиричилиги, балдарды тарбиялоо менен гана алектенген. Себеби ошол учурда талап ошондой болчу. Ал эми азыркы учурда аялдын укугу эркектики менен бирдей. Жадакалса аялдар эркектерден көбүрөөк акча тапкан учурлар бар. Менимче баалуулуктар ошол бойдон калды, улуу муунга чоочун, бирок жаңы социумга ылайыктуу коомдук түзүлүш пайда болууда.

— Статистикага ылайык, ажырашуулардын саны көбөйгөнү байкалууда. Анын негизги себептери эмнеде деп ойлойсуз?

— Ажырашуунун эң башкы себеби – жубайлардын ортосундагы сүйүүнүн жоктугу. Андан тышкары күтүүлөрдүн акталбай калышы, ичкиликке берилип кетүү, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук ажырашууга алып келет.

— Үй-бүлөдө түгөйлөрдүн ортосунда жаралган ар кандай көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

— Конфликттик кырдаалдар коркунучтуу эмес, тескерисинче пикир келишпестиктер жок болсо, кызыктай болуп калат. Себеби чогуу жашаган аял жана эркек бири-биринен психологиялык жана физиологиялык жактан айырмаланат эмеспи. Бирок экөө бири-бирин сүйсө, сүйгөн адамы үчүн компромисске барууга жөндөмдүү болушат. Эгер компромисске бара алышпаса, демек бири-бирин сүйүшпөйт. Мына ушул жерден чечүүгө мүмкүн болбогон үй-бүлөлүк пикир-келишпестиктер келип чыгат.

Ушундан улам мен түгөйлөргө бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлоого үйрөнүүгө кеңеш берет элем. Бул нерсеге ЖОЖдордо же мектептерде үйрөтүшпөйт. Ал үчүн психологиялык тренингдер, психологдор, бул искусствого үйрөтүүчү китептер бар. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн психологу болушун кеңеш берет элем.

— Элибизде кара далы деген түшүнүк бар эмеспи. Жашым өтүп баратат деп көптөгөн кыздар элдин сөзүнө калбаш үчүн шашып турмушка чыгып алат да, кийин түгөй тандоодо адашканын түшүнөт. Кыздар жана эркектер үчүн үй-бүлө курууга канча жаш ылайыктуу деп эсептейсиз?

— Биринчи кезекте “кара далы” деген түшүнүктү жана коомдук пикирдин үстөмдүгүн жоготуш керек. Ошондо шашпай, ойлонуп тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ажырашуулардын статистикасына кайрылсак, эрте никелер эң аярлуу экендигине күбө болобуз. Себеби жаштардын материалдык базасы, мамилени өнүктүрүү тажрыйбасы жок. Жүздөгөн жылдар мурун жаштар болушунча эрте коомго пайда алып келиши керек болчу. Андыктан эрте никелер көп болгон, община жаш түгөйлөргө колдоо көрсөтүп, кам көрүп турган. Азыр заман башка, ата-энелери материалдык жактан, тажрыйбасы жагынан колдоо көрсөтпөгөнү үчүн жаш түгөйлөргө кыйын болууда. Андыктан мен үй-бүлөнү 30 жашка жакын курса туура деп ойлойм. Себеби бул убакытка чейин түгөйлөрдө мамилелердин тажрыйбасы топтолуп, үй-бүлө курууга материалдык жана акыл-эс жагынан даяр болушат.

— Азыркы учурда айрым жаштар жарандык никеге туруп, бири-бирин толук таанууга аракет жасашат. Эгер белгилүү бир убактан кийин бири-биринин купулуна толсо, андан ары бир үй-бүлө болуууга бел байлашат. Эгер бири-бирине жакпай калса, кол үзүшүп, мамилелерин токтотушат. Бул көрүнүш үй-бүлө баалуулугунун бара-бара жоголушуна таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

— Мен үчүн жарандык нике деген түшүнүк жок. Эгер түгөйлөр чогуу жашап жатышса, муну үй-бүлө деп атоого болот. Паспорттогу мөөр – бул жөн гана тараптардын материалдык кызыкчылыктарын коргогон зарыл болгон юридикалык формалдуулук. Тилекке каршы, түгөйлөрдүн бири-бирине туура келип же келбешин билүү үчүн белгилүү бир убакыт ичинде чогуу жашап көрүүдөн башка ыкма жок. Муну салтка айландырып жибербесе эле, жаман нерсе эмес. Жоопкерчиликтүү эмес түгөйлөр үй-бүлөлүк баалуулуктарды бузушат, жоопкерчиликтүү адамдар ишти мыйзамдуу никеге турууга чейин алып барышат.

— Сизге түгөйлөр көбүнчө кандай маселелери менен кайрылышат?

— Кайрылгандардын 90 пайызы аялдар. Түгөйлөр ортолорундагы пикир-келишпестиктердин себебин түшүнүшпөй жатканда кайрылышат. Себеби алар турмуш курганга чейин бири-бириникине окшошпогон үй-бүлөлөрдө жашашкан. Азырынча үй-бүлөлөр көп кайрылыша элек. Көбүнчө үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн жалгыз чечүүгө аракет жасаган аялдар келишет.

— Менталитетибиздин, каада-салттарыбыздын үй-бүлөнүн бекем болушуна таасири барбы?

— Эгерде түгөйлөрдүн ата-энелеринин салттары бири-бирине окшош болсо, үй-бүлө бекем болот. Эгер түрдүү болсо, пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Мисалы, эгерде күйөөсүнүн апасы дайыма үйдө отуруп, балдарын тарбиялоо менен алектенсе, аялынын апасы талыкпай иштеп, жолдошун баккан болсо, түшүнбөстүктөр көп болот. Себеби күйөөсү аялынын үйдө отуруусун талап кылат, аялы ага макул болбойт. Наристе ата-энесинин жасаганын көрүп, аны сын-пикирсиз кабыл алат. Жашоосунда анын баарын кайталайт. Түгөй тандоодо анын сырткы көрүнүшүнө, жактырууга гана көңүл бурбай, системалык үй-бүлөлүк салттарды дагы баалай билүү керек. Жубай тандап жатканда анын апасы менен тааныш деп айтылат эмеспи. Себеби бир нече жылдан кийин ал да апасындай болот.

— Турмуш жолуна аттануу алдында турган үй-бүлөлөргө кандай кеңештерди берет элеңиз?

-Алгач бактылуу болуу керек. Өзүн бактысыз сезген көпчүлүк адамдар нике кыйгандан кийин бактылуу болом деп үмүттөнүшөт. Бирок адамды бактылуу кылууга мүмкүн эмес. Ал үчүн өзү аракет жасашы керек. Ошондой эле баланын төрөлүшү менен бактысыздыктын ордун толтуруу дайыма эле мүмкүн боло бербейт. Бул бактысыздык сезимиңди начарлатат, бала дагы бактысыз болуп калат. Ошондо көптөр түгөйүн өзүнүн бактысыздыгына күнөөлөй башташат. Көп көйгөйлөрдөн арылуу үчүн өзүн өзү өнүктүрүү, үй-бүлөнү туура куруу тууралуу китептерди окууга чакырам. Ошондой эле тажрыйбалуу психологго кайрылып, жеке өнүгүү жана үй-бүлөлүк бакытты сактап калууга кеңештерди алууга кеңеш берет элем.

Саадат Токтоболот кызы, «kabar.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу