Ажылык: акча төлөп, серверге катталбай калган зыяратчыларга эскертүү берилди

Муфтияттын маалыматына ылайык, 4924 жаран ажылыкка баруу үчүн алгачкы төлөм болгон 400 долларды банкка төлөгөн.

Муфтият быйыл ажылыкка барам деп 400 доллар төлөп, документтери серверге катталбай калган жарандардын 31-март күнү саат 17:00гө чейин серверге катталууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет.

Зыяратчыларды каттоо 6-февралдан 6-мартка чейин — бир ай жүргүзүлдү.

«Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб 2017-жылдын 6-мартына чейин РСК банкына 400 доллар төлөп, документтери каттоо талаптарына туура келип, бирок кандайдыр бир себептер менен серверге кирбей калган талапкерлер 31-март саат 17:00гө чейин каттоого туруусу керек», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 2017-жылдын 6-мартына чейин РСК банкына акча төлөп, 31-марттан кийин документтерин алып келген талапкерлер катталбай турганы айтылууда.

Муфтият буга чейин маалымдагандай 4924 жаран ажылыкка баруу үчүн алгачкы төлөм болгон 400 долларды банкка төлөгөн.

Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн Сауд Аравиясы 4 585 орун бөлгөн. Ажылык сапардын баасы 2600 доллардын тегерегинде, анын 1550 доллары жол киреге кетет.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу