Зыяратчыларды иммунизациялоо 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.
Ажыга бара тургандар бүгүнтөн тарта гриппке жана менингитке каршы эмдөө алып баштайт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
«Эмдөө иштери Бишкек шаарындагы жана облустун борборлорундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Анда бардык медициналык борборлордо грипп менен менингитке каршы вакциналар жетиштүү экендиги кабарланган.
Зыяратчыларды иммунизациялоо 2017-жылдын 20-июлунда аяктайт.
Бул жылы ажылык сапарга кыргызстандык 4585 адам бармакчы.