Бүгүн, 17-майда, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Бул боюнча президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Президент өлкөдөгү улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу сураганда, Абдил Сегизбаев террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү аракеттери жөнүндө айтып берген.